Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Германиянын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн арыз

Артикль

Жаңы паспорт алуу үчүн кайрылуу элчиликке жеке өзү келгенде гана мүмкүн. Германиянын паспортторундагы чипте биометрикалык фотосүрөттөн тышкары манжа издери да сакталат.

Төмөнкү паспортторду Германиянын Бишкектеги элчилигинен алса болот:

  • Жалпы жарандык паспорт („Европа паспорту“ деп да аталат; жарактуулугу 10 жыл, берүү мөөнөтү: болжол менен 8-10 жума, төлөм €101 / 24 жашка чейинки талапкерлер үчүн: 6 жылга жарактуу, €68,50 төлөм / жогорулатылган төлөм менен экспресспаспорт болжол менен 2 жуманын ичинде мүмкүн).
  • Убактылуу паспорт (1 жылга жарактуу, адатта 24 сааттын ичинде берилет жана шашылыш негизде гана, манжа издери жок, € 70)
  • Германияга кайтуу үчүн жол жүрүү документи (Германияга кайтуу үчүн гана, мисалы, паспортуңузду жоготуп алсаңыз, 24 сааттын ичинде берилген, €52)

Арыз берүүдө төмөнкү документтер тапшырылышы керек:

  • толтурулган жана өзүңүз кол койгон Анкета
  • 45х35 мм өлчөмүндөгү 1 актуалдуу паспорттун сүрөтү (биометрикалык)
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, эгерде бар болсо нике күбөлүгү, эгерде бар болсо жарандык картасы, ар бири 1 көчүрмө менен
  • Каттоодон чыккан тууралуу күбөлүк, эгерде Германиядагы жер мурдагы паспортто жашаган жери катары дагы эле жазылган болсо, бирок арыз берүүчү Германиянын каттоо органынан каттоодон чыккан болсо, 1 көчүрмө менен
  • Кыргызстандын жашоого уруксаты, 1 көчүрмө менен
  • мурунку Германиянын жалпы жарандык паспорту,1 көчүрмө менен
  • тиешелүү жыйым кыргыз сому менен (элчиликтин учурдагы курсу боюнча саналат)

Элчилик айрым учурларда зарыл болсо, кошумча документтерди суроо укугун өзүнө калтырат (мисалы, сиздин аты-жөнүңүздүн тастыктамасы).

Жашы жете электерге кайрылууда төмөнкүлөр да эске алынууга тийиш:

  • ата-энесинин экөө тең (эгерде алар биргелешип камкордукта болсо) жана бала элчиликке жеке келиши керек; Жалгыз камкордук тиешелүү документтер менен далилдениши керек (камкордукка алуу чечими, соттун чечими, башка ата-энесинин өлүмү жөнүндө күбөлүк)
  • Анкета баланын атына толтурулат жана ага мыйзамдуу өкүлдөрү тең кол коюшу керек
  • Эгерде ата-энеси бала төрөлгөнгө чейин никеде турса - нике күбөлүгү, эгерде ата-энеси никеде турбаса, анда аталыкты таануу жөнүндө күбөлүк көрсөтүлүүгө тийиш.
  • Камкорчулардын паспортторунун ар биринин бирден көчүрмөсү менен

Кошумча маалымат

Беттин башында