Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Визага арыз берүү үчүн жазылуу

Артикль

Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилиги Германияга виза алууну каалагандардын күтүү убактысын кыскартууга умтулат. Бул үчүн элчилик визалардын айрым категориялары боюнча тейлөө борбору "VisaMetric" менен кызматташат.

Арыздар элчиликке же VisaMetricке берилери визанын категориясына жараша болот.

Арыз тапшырууга VisaMetric те жазылуу


Баардык Шенген визаларына (90 күнгө чейин болуу), ошондой эле AuPair программасына, Кесиптик билим алуу болуу жана өнөр-жайда квалификацияны жогорулатуу үчүн же окутуу/көбүрөөк окуу максатында улуттук визалар үчүн арыздар VisaMetric те тапшырылышы керек.

Арыз тапшырууга жазылуу акысыз.

Visametric фирмасы виза төлөмү менен бирге Шенген визасы үчүн 23,16 евро жана улуттук виза үчүн 26,66 евро өлчөмүндө (Кыргызстандын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен) өз кызматы үчүн акы алат.

Документтерди тапшыруу үчүн кабыл алууга, өзгөчө өргүү мезгилинде жана майрамдардын алдында, өз убагында жазылууну өтүнөбүз. Сиз пландаган сапарга 6 ай калганда визага документтерди тапшырсаңыз болот. 


Арыз тапшырууга Элчиликте жазылуу

Башка категориядагы визаларды алуу үчүн арыз берүү (мисалы, үй-бүлөнү бириктирүү, окуу, тил курсу, кеч көчүрүлгөн адамдар) элчиликке кайрылуу керек.

Сиз пландаган сапарга 6 ай калганда визага документтерди тапшырсаңыз болот. 

Бул максатта жазылуу системасы түзүлгөн.

Эске салабыз, ар бир арыз тапшыруучу өзүнө арыз тапшыруу үчүн жазылышы керек, жада калса паспорту бар жаш балдар да өзүнчө жазылышы керек. 

Ошондой эле жолугушуу формасына киргизилген электрондук почта жана телефон номери боюнча сиз менен байланышууга болорун жана паспорттун номери туура киргизилгендигин текшериңиз.

Өзгөчө учурларда (тез жардам, топурак салуу) байланыш формасы менен биз менен байланышыңыз. Сиздин электрондук кайрылууңузда саякаттын максаты, датасы, ошондой эле бардык саякатчылардын фамилиялары, аттары, туулган күндөрү жана паспортторунун номерлери камтылышы керек. 

Эгер белгиленген убакта келе албасаңыз, сураныч, жолугушууну жокко чыгарыңыз. Бул сизге жөнөтүлгөн ырастоо-катында көрсөтүлгөн жокко чыгаруу шилтемеси аркылуу жасоо мүмкүн.

Эгер жокко чыгарбасаңыз, анда сиз кайрадан арыз тапшырууга жазыла албайсыз.  Мындай учурда, фамилияңызды, аты-жөнүңүздү жана туулган күнүңүздү, ошондой эле келе албай калган жазылууну көрсөтүү менен биздин веб-сайттагы байланыш формасы аркылуу биз менен байланышыңыз.

Беттин башында