Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз
Кыска мөөнөттүү шарттуу жумушка орношуу үчүн виза (Жумушка орношуу эрежесинин § 15d )
Жалпы маалымат
Кыска мөөнөттүү сезондук жумушчуларга болгон талаптын ордун толтуруу үчүн, айрым секторлордо кыска мөөнөттүү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Федералдык Жумуш менен камсыз кылуу Агенттиги жыл сайын бул секторлорго атайы квота берет. Мындай жумуш орундары квалификациялуу адистерди талап кылбайт.
Кыска мөөнөттүү жумушка орношуу үчүн виза алууда иш берүүчү тарап алгач Федералдык Жумуш менен камсыз кылуу агенттигинин жооптуу кызматына кайрылып, алдын ала макулдук сурайт.
Бул алдын ала макулдук алынгандан кийин, жумушка орношуу эрежесинин 15d бөлүмүнө ылайык, кыска мөөнөттүү жумушка орношуу үчүн визага документтерди тапшырууга болот.
Визага арыз тапшыруу
Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине которулушу керек. Түп нуска документ жана алардын котормолору бирден копиясы менен кошо тапшырылат.
Визага алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:
- жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү
- пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
- акыркы 10 жыл ичинде берилген
- жок дегенде 2 бош барак бар
немис же англис тилдеринде толтурулган анкета
- өлчөмү 3,5 x 4,5 см
- сүрөттөрдү кандайдыр бир иштетүүгө же ретуш кылууга тыюу салынат
- үлгү сүрөттөр
- сүрөттүн биометрикалык шаблону
- сүрөттүн биометрикалык шаблону, балдар үчүн
Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса
- паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
- күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
- каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)
Жумушка орношуу тууралуу далил
- Көчүрмө же сканерлөө жетиштүү болот
- Айлык маянасы, иштей турган сааттары көрсөтүлгөн жана кол коюлган эмгек келишими
- мурунку окууган жана иштеген жердин баяндалышы менен
- үзгүлтүксүз
ижара келишими жана/же иш берүүчүнүн тиешелүү турак жай аянты берилет деген кепилдиги түрүндө
жана
- Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
- Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
- Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
- 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.