Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Соттолбогондугу тууралуу маалымкат

Führungszeugnis

Führungszeugnis, © Zentralbild

Артикль

Эске алыңыз, соттолбогондугу тууралуу маалымкаты Германиянын чет өлкөдөгү элчилиги тарабынан берилбейт, ал Бонн шаарындагы Федералдык Юстиция башкармалыгы тарабынан гана берилет.  Сиз арызыңызды кат түрүндө же онлайн тапшырсаңыз болот (эгерде сизде онлайн функциясы бар немис жеке идентификациялык картасы бар болсо).

Элчилик анкетадагы жеке маалыматтардын керектүү тастыктоосун гана жасай алат (төлөм: 34,07 € арыз берген күндөгү элчиликтин курсу боюнча сом менен төлөнөт; сиз жарактуу немис паспортун же идентификациялык картасын/Personalausweis көрсөтүшүңүз керек). Андан кийин форма жыйымдар үчүн дүмүрчөк менен бирге Федералдык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлүшү керек.

Чет өлкөлөрдөгү айрым мекемелер кээде документтин көчүрмөсү түп нускага дал келгенин тастыктаган Соттолбогондугу тууралуу маалымкат көрсөтүүнү талап кылышат (компетенттүү орган: Федералдык Юстиция башкармалыгы), жана кээ бир учурларда, буга кошумча, алар апостилди (компетенттүү орган: Федералдык тышкы иштер министрлиги) же болбосо бул маалымкат колдонула турган өлкөдөн легализация өтүшүн (компетенттүү орган: өлкөнүн элчилиги) талап кылышат.

Кыргызстанда легализация процедурасы колдонулат. Сураныч, анкетаңызда соттолбогондугу тууралуу маалымкат кайсы өлкөдө колдонулаарын көрсөтүңүз.

Соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу тууралуу толук маалыматты Федералдык Юстиция башкармалыгынын сайтынан таба аласыз.

Кошумча маалымат

Беттин башында