Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

FAQ - көп берилүүчү суроолор

Көп берилүүчү суроолор

Көп берилүүчү суроолор

Германиянын Бишкектеги Элчилиги кайсы учурларда менин виза алуу үчүн арызымды карап чыгууга укуктуу?

Эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашасаңыз, Германиянын Бишкектеги Элчилиги сиздин арызыңызды кароого ыйгарым укуктуу. Сиздин сапарыңыздын негизги максаты Германия же Германиянын Бишкектеги элчилиги тарабынан көрсөтүлгөн төмөнкү Шенген макулдашуусунун өлкөлөрү болушу керек: Бельгия, Люксембург, Норвегия, Португалия.

Мен башка мамлекеттин жаранымын, бирок Кыргыз Республикасында жашайм. Германиянын Бишкектеги Элчилигине виза алуу үчүн арыз тапшырсам болобу?

Ооба, чечүүчү маани сиздин жарандыгыңыз эмес, Шенген визасын алуу үчүн кайрылган учурда сиздин укук ченемдүү жашаган жериңиз болот. Улуттук виза алууда сиздин кадимки жашаган жериңиз чечүүчү мааниге болот. Эгерде Сиз Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө (уруксат менен) жашасаңыз жана муну тиешелүү түрдө (документ менен) тастыктай алсаңыз, анда Элчилик сиздин арызыңызды кароого ыйгарым укуктуу.

Мен Кыргызстандын жаранымын, бирок башка мамлекетте жашайм. Мен Кыргызстанга аз убакытка келдим жана Германияга баруу үчүн виза алгым келет. Мен муну кыла аламбы?

Тилекке каршы, жок. Сиздин жашаган жана турган жериңиз Кыргызстандын аймагында болбогондуктан, Германиянын Бишкектеги Элчилиги сиздин арызыңызды кароого ыйгарым укуктуу эмес. Арызыңызды Сиз жашаган өлкөдөгү ыйгарым укуктуу Элчиликке тапшырууну суранабыз. Ыйгарым укуктуу Элчиликтин виза бөлүмүндө узак карап чыгуу мөөнөтү жана узак күтүү ыйгарым укуксуз өкүлчүлүккө кайрылуу үчүн себеп/актоо боло албайт.

Сапарымдын учурунда мен Шенген макулдашуусунун ар кандай өлкөлөрүнө баргым келет. Германиянын элчилигине виза алуу үчүн арыз тапшырсам болобу?

Сиз Германиянын элчилигине төмөнкү учурларда виза алуу үчүн арыз тапшыра аласыз:

1. Германияда, Бельгияда, Люксембургда, Норвегияда, жана Португалияда болгон күндөрдүн саны башка Шенген макулдашуусунун өлкөсүндө болуудан көбүрөөк болсо;

2. күндөрдүн саны бирдей, биринчи кирген өлкө жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттердин бири болсо.

Башка учурларда, ыйгарым укуктуу Элчиликке кайрылууңузду суранабыз.

Виза бөлүмүнө документтерди тапшыруу үчүн кантип жазылсам болот?

Шенген визасын алуу үчүн документтерди тапшыруу убактысын бул жерден белгилесеңиз болот

Элчиликтин электрондук жазуу системасы бул жерде (улуттук виза үчүн ГАНА)


Мен арызды тапшыруу үчун жеке өзүм жазылышым керекпи же муну башка бирөө жасай алабы?

Сиз жеке жазылууңуз талап кылынбайт, бирок сиздин маалыматтарыңыз системага туура киргизилгени маанилүү. Сиз менен телефон же электрондук почта аркылуу байланышуу зарыл болушу мүмкүн экенин эске алыңыз. Мисалы, арызыңыздын тапшыруу убактысын ырасташыңыз же жылдыруу керек болсо. Сураныч, системага киргизген телефон номериңиз жана электрондук почтаңыздын дареги байланышып туруу үчүн чындыгында жеткиликтүү экенин текшериңиз.

Документтерди тапшыруу үчүн жазылуу канча убакыт мурун болушу керек?

Сапарыңыздын болжолдуу даталарын билгенден кийин жана документтерди даярдоого канча убакыт керек экенин билгенден кийин, виза бөлүмүнө барууга жазылыңыз. Документтериңиздин толук топтомун күтпөңүз, анткени ал убакытка чейин жазылуу системасында бош убакыт калбай калышы мүмкүн.

Визага арызымды канча убакыт мурун тапшырсам болот?

Сиз Шенген визасына арызды сапарыңыздын болжолдуу датасына чейин алты ай калганда тапшырсаңыз болот, улуттук виза үчүн сиз пландаштырган чыгууга ошондой эле алты ай калганда кайрылсаңыз болот.

Мен тез арада Германияга дарыланууга кетишим керек, бирок элчиликтин электрондук жазылуу системасында бош убакыт жок. Мен эмне кыла алам?

Германияда дарыланууга байланыштуу шашылыш сапарлар үчүн, сиз өзгөчө учур катары биздин сайттагы байланыш формуляры аркылуу кат жазуу менен өтүнүч жөнөтө аласыз. Катта сапардын максаты, сапардын датасы, атыңыз, фамилияңыз, туулган дата жана арыз ээсинин паспортунун номери тууралуу маалымат камтылышы керек экенин эске алыңыз.

Биз бүт үй-бүлөбүз менен саякаттайбыз. Ар бир үй-бүлө мүчөсү өзүнчө жазылышы керекпи же арызды тапшыруу үчүн биз бир убакытка жазылышыбыз жетиштүү болобу?

Ар бир арыз берүүчү арыз берүү үчүн өзүнчө убакытты белгилөөгө милдеттүү. Ошондой эле жалпы жарандык паспорту болушу керек болгон жашы жете элек балдар үчүн өзүнчө убакытты белгилөө зарыл.

Мен арыз берүү үчүн белгиленген убакытта келе алган жокмун, бирок жолугушууну да жокко чыгара алган жокмун. Эми кайра жазыла албай жатам. Эмнеге?

Арыз берүү үчүн жазылгандан кийин, кийинки үч айдын ичинде ошол эле маалымат менен жаңы убакытты белгилей албайсыз. Ошондой эле, Сиз өз убагында жокко чыгарылбаган өтүп кеткен кезекти жокко чыгара албайсыз. Сураныч, бул тууралуу атыңызды, фамилияңызды жана туулган датаңызды, ошондой эле өчүрүш керек болгон кезектин датасын көрсөтүү менен биздин сайттагы байланыш формуляры аркылуу кабарлаңыз.

Мен арызды тапшыруу үчүн алдын ала убакытты белгиледим, бирок, тилекке каршы, келе албайм. Менин досум да саякаттагысы келет жана ошол эле учурда арызын тапшыргысы келет. Ал менин белгиленген убакытымды пайдалана алабы?

Жок, арыз тапшыруу үчүн убакыт менен алмашуу мүмкүн эмес. Элчиликке келе албасыңызды билгенден кийин, дароо жолугушууну жокко чыгарышыңыз керек. Досуңуз өзүнчө убакытты белгилеши керек.

Мен учакка билет сатып алгам, бирок арызды тапшырууга убакытты белгилей алган жокмун. Мен эмне кыла алам?

Биз ар дайым кардарларыбызга виза алуудан мурун билеттерди сатып алуудан баш тартууну сунуштайбыз, анткени Элчилик Сиздин арызыңыз өз убагында каралат деп кепилдик бербейт. Сатып алынган билет арыз берүүгө кошумча убакыт берүү үчүн негиз боло албайт. Бул учурда сапарыңыздын убактысын өзгөртүүгө туура келет.

Документтерим толук жыйналбагандыктан, арыз берген күнү карап чыгууга кабыл алынган жок. Эми мен арыз тапшыруу үчүн жазыла албай жатам. Мен эмне кылышым керек?

Белгиленген убакытты жокко чыгаргандан кийин, Сиз дароо арыз берүү үчүн жаңы убакытты пландаштыра албайсыз. Сиз системага кирүү мүмкүнчүлүгүн алгандан кийин гана жаңы убакытты белгилей аласыз. Кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу 1ден 10 жумуш күнгө чейин созулушу мүмкүн. Эгерде Сиз андан кийин деле жаңы убакытты белгилей албай жатсаңыз, биздин сайттагы байланыш формуляры аркылуу виза бөлүмүнө кайрылыңыз.

Эгерде мен арыз берип жатканда өзүм боло албасам, арызды тапшыруу үчүн убакытты белгилөөдө эмнеге көңүл бурушум керек?

Арызды тапшыруу убактысын белгилөө жеке катышуудан бошотулган учурда да зарыл. Убакытты документтерди элчиликке алып келе турган адамдын эмес, документтерди тапшыра турган адамдын аты-жөнүнө белгилеңиз. Эгерде сөз бир нече арыз берүүчүлөр жөнүндө болсо, алардын ар бирин жазуу керек. Эгерде бир гана адам жазылса, ал эми арыздар көбүрөөк болсо, бир гана арыз кабыл алынат.

Сиздин арызыңызды виза бөлүмүнө тапшыра турган адам арыз берүү үчүн Сизден нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катка ээ болушу жана элчиликтин суроолоруна жооп берүүгө ыйгарым укуктуу болушу керек. Сураныч, ыйгарым укуктуу адамга бардык керектүү маалыматты, ан    ын ичинде сапарыңыздын максатына байланыштуу маалыматты бериңиз.



Visametric эмне кылат?

 Визага арыз тапшырууну сиз үчүн мүмкүн болушунча жеңилдетүү үчүн Элчилик VISAMETRIC кызматтык компаниясы менен кызматташууну түздү. VISAMETRIC Шенген визасын алуу үчүн арызды даярдоого жардам берет жана элчиликке жөнөтөт. Элчилик сиздин арызыңызды карап чыгып, виза боюнча чечим кабыл алат.

Visametric вызалык борбору кайда жайгашкан?

Элчиликтин жетекчилиги астында, Кыргызстандагы VISAMETRIC төмөнкү даректе жайгашкан визалык борбордо арыздарды кабыл алат:

- Бишкек ш., Турусбеков к. 100, 6-кеңсе, 1-кабат (кирүү Рыскулов көчөсүнөн)

Визалык төлөм канча болот?

Шенген визасы үчүн виза акысы 80 еврону түзөт. 6 жашка чейинки балдар төлөөдөн бошотулат, 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн консулдук төлөм 40 еврону түзөт.
Визалык борбор 20 евро өлчөмүндө кошумча тейлөө акысын алат, ал төлөм күнүндөгү учурдагы курс боюнча улуттук валютада төлөнөт. Виза берилбеген учурда төлөм кайтарылбайт.

Мен виза алуу үчүн арызды VISAMETRIC визалык борборуна тапшырышым керекпи?

Германиянын элчилиги VISAMETRIC кызматтык компаниясы менен кызматташат. VISAMETRIC Шенген визасына арызды даярдоого жана тапшырууга жардам берет жана паспортторду кайтарат. Эгерде сиз виза алуу үчүн арызды тапшырууда кызматтык фирманын кызматынан пайдалангыңыз келбесе, анда сиз түздөн-түз элчиликтин виза бөлүмүнө кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз бар (күтүүнүн узактыгы, топтук сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, документтерди тапшырууда жеке катышуу артыкчылыктуу). Бул жерде элчиликке арыз берүү күнүн белгилеңиз.


Виза алуу үчүн арыз боюнча чечимди ким кабыл алат?

Терезеде кардарларды тейлеген элчиликтин же Visametric виза борборунун кызматкерлери виза берүү чечимин кабыл алышпайт. Сиздин виза берүү боюнча арызыңыз тууралуу чечимди сөзсүз түрдө Германиянын Тышкы Иштер Министрлигинин Элчиликке жиберилген кызматкерлери кабыл алышат.


Виза анкетасынын формулярын кайдан алсам болот?

Шенген визасы үчүн VIDEX электрондук формулярын онлайн толтуруп, басылган түрдө алып келсеңиз болот.

Виза анкетасынын формулярын сиз элчиликтин иштөө убактысында жеке ала аласыз. Формулярларды ошондой эле Элчиликтин сайтынан көчүрүп алып, басып чыгарууга болот. Виза арыздары жана нускамалар акысыз берилет.

Менин билетимди алдын ала ээлеген туристтик агенттик мага виза анкетасынын формулярын берди. Мен аны колдоно аламбы?

Сураныч, сиз элчиликте алган же биздин сайттан басып чыгарган виза анкеталарынын формулярларын колдонуңуз. Ушул формулярлар менен гана алардын азыркы талаптарга жооп бере тургандыгына ишенсе болот.

Виза анкетасын жеке өзүм толтурушум керекпи?

Эгерде сизде арыз толтурууда кыйынчылыктар болсо, башка бирөөдөн жардам сурай аласыз. Киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана аныктыгын тастыктоо катары арызга арыз ээси кол коюшу керектигин унутпаңыз. Ошондуктан, кол коюудан мурун толтурулган анкетаны кылдат текшериңиз. Анда камтылган ар кандай жалган маалымат арызды четке кагууга алып келиши мүмкүн.

Виза анкетасынын формулярында кайда кол коюшум керек?

Виза анкетасынын формулярында үч жолу кол коюу керек. №37-пунктта бир жолу, ошондой эле арыздын акыркы барагында эки жолу. Электрондук формулярды толтурууда сиз №37-пунктта жана 6 жана 7-беттерге кол коесуз. §53 Чет өлкөлүктөрдүн Германияда болуу шарттары жөнүндө мыйзамы менен бирге 8-пунктчасынын 2-пунктунун §54 ылайык тил катты толтурууну жана кол коюуну унутпаңыз.

Виза анкетасын толтурууда менде кыйынчылыктар пайда болду. Мага ким жардам бере алат?

Сураныч, анкетаны толтуруу боюнча түшүндүрмөлөргө көңүл буруңуз: улуттук же Шенген, аларды биздин сайттан таба аласыз. Суроолоруңуз жоопсуз калса, элчиликтин сайтындагы байланыш формуляры аркылуу виза бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.

Арызды кайсы тилде толтуруу керек?

Шенген визасын алуу үчүн анкетанын формулярын орус же немис тилдеринде толтурсаңыз болот. Ат жана фамилия жазуу үчүн талаалар латын тамгалары менен толтурулууга тийиш, сиздин жалпы жарандык паспортуңузда жазылгандай.

Улуттук визага анкетанын формуляры немис тилинде толтурулушу керек.

Виза алуу үчүн арызды алдын ала тапшырсам болобу?

Сиз Шенген визасын алууга сапарыңызга алты ай калганда, ал эми улуттук визаны алуу үчүн дагы алты ай мурун кайрылсаңыз болот.

Виза алуу үчүн арызымды кантип тапшырсам болот?

Сиз арызды тапшыруу үчүн бир убакытты белгиленгенден кийин гана кайрыла аласыз. Убакытты белгилөө биздин жазылуу системасы аркылуу «онлайн» режиминде гана жүргүзүлөт.

Белгиленген убакта өз убагында келиңиз, кечигип калган учурда виза бөлүмүнө кирүүгө уруксат берилбейт.

Мен арызды тапшырууга өзүм менен кошо эмне алып келишим керек?

Сураныч, иш сапардын максатына ылайык келген, нускамада көрсөтүлгөн бардык иш кагаздарды жана документтерди алып келиңиз. Арыз документтердин толук пакети көрсөтүлгөндө гана кабыл алынаарын эске алыңыз.

Мен Элчиликте жеке болушум керекпи?

Эгерде сиз улуттук визага арыз берген болсоңуз, анда арыз ээсинин жеке катышуусу ар дайым талап кылынат.

Шенген визасы боюнча: 

вробиримдиктин «VIS» визалык маалыматтык системасы ишке киргизилгенден бери, эреже катары, ар бир талапкер Шенген визасын алуу үчүн кайрылганда, өзгөчө, эгерде арыз биринчи жолу тапшырылып жатса, манжалардын тактарын тапшырууга милдеттүү.

Бул биринчи жолу виза алуу үчүн кайрылууда биометрикалык маалыматтарды (он манжанын тактары жана сүрөттөрү) иштеп чыгуу үчүн арыз ээсинин жеке катышуусу милдеттүү экендигин билдирет. Беш жылдын ичинде кийинки визалык арыздар үчүн «VIS» маалыматтар базасында сакталган арыз ээсинин маалыматтары кайрадан колдонулушу мүмкүн, жана ошентип, арыз ээсинин кийинки жеке келишинин зарылдыгы жок кылынышы мүмкүн. Бирок сиз арыз берүү үчүн дагы эле убакыт белгилешиңиз керек. Кээ бир учурларда документтерди кайра тапшырууда манжа тактарын тапшыруу талап кылынышы мүмкүн.

Эгерде мен арызды тапшырууда жеке катышууга милдеттүү болбосом, эмнеге көңүл бурушум керек?

Жеке катышуу талап кылынбаса, арыз берүү үчүн убакыт белгилениши керек. Системадагы убакыт ыйгарым укуктуу өкүлдүн атына эмес, арыз ээсинин атына белгилениши тийиш. Эгерде бир нече талапкерлер жөнүндө сөз болсо, анда убакыт ар бирине өзүнчө белгилениши керек. Эгерде убакыт бир гана арыз ээсине белгиленген болсо, бирок бир нече арыз тапшырылса, карап чыгууга бир гана арыз кабыл алынат.

Сиздин арызыңызды бере турган адам арыз берүү үчүн ишеним катты жана сиз жөнүндө маалымат берип, элчиликте берилген бардык суроолорго жооп бере алышы керек. Сураныч, ыйгарым укуктуу адамга сапарыңыздын максатын түшүндүрүү үчүн бардык керектүү маалыматты бериңиз.

Документтердин пакети толук болбосо менин арызым кабыл алынабы?

Эгерде сиз документтердин толук эмес пакети менен арыз берүүгө келсеңиз, биздин кызматкерлер буга көңүлүңүздү бурат. Анда сизде төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар:

- Арызыңызды документтери менен кайра алып, элчиликтин сайты аркылуу жаңы убакытты белгилеп, документтердин толук топтому менен кайра келесиз.

- Сиз документтердин толук эмес топтому менен арызды тапшырасыз, анда документтердин толук эместиги сиздин арызыңыздын четке кагылышына алып келиши мүмкүн. Кээ бир учурларда элчилик жетишпеген документтерди талап кылышы мүмкүн.


Менин арызымда белгилүү бир документ жетишпей жатат. Виза алуу үчүн арызды тапшыруунун мааниси барбы же мен баш тартуу алышым мүмкүнбү?

Ар дайым арызыңызды документтердин толук пакети менен тапшырыңыз. Сиздин арызыңыз боюнча канчалык деңгээлде позитивдүү чечим кабыл алынышы мүмкүн экендиги жөнүндө болжолдоо мүмкүн эмес.

Документтердин толук пакетин чындап эле чогултканымды билбейм. Элчилик алдын ала текшерүү жүргүзө алабы?

Жок. Сураныч, сайттагы нускамаларды колдонуп, аларга ылайык документтерди чогултуңуз. Документтер алдын ала текшерилбейт. Эгерде сизде конкреттүү суроолор болсо, аларды телефон аркылуу берсеңиз болот же сайтыбыздагы байланыш формуляры аркылуу биз менен байланышсаңыз болот.

Менин документтерим кайсы тилде болушу керек?

Шенген визасын алуу үчүн элчилик немис же англис тилдеринде түзүлгөн документтерди кабыл алат. Орус же кыргыз тилдериндеги документтер немис же англис тилине котормосу менен берилиши керек.

Улуттук визаны алуу үчүн, элчилик немис тилинде гана же немис же англис тилине котормосу менен документтерди кабыл алат. Котормолорду нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбайт.

Документтер кандай формада берилиши керек?

Бардык нускамаларда документтер кандай формада берилиши керек экени тууралуу маалымат бар.

Кепилдик милдеттенмелер (кепилдик) түп нускасында көрсөтүлүүгө тийиш. Факс аркылуу жөнөтүлгөн кепилдик милдеттенме кабыл алынбайт. Чакыруу каттары да түп нускасында гана кабыл алынат. «PDF» форматындагы же электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн чакырууларды виза бөлүмү кабыл ала албайт. «Өздүк үлүшү жок» камсыздандыруу полиси сиз сураган визанын бүткүл мөөнөтүндө жарактуу болушу керек.

Шенген өлкөлөрүнөн документтер түздөн-түз арыз берүүчүгө жөнөтүлүшү керек. Элчиликтин, факс же электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн чакырууларды арызды тапшырууга чейин сактоого же айрым арыздарга тиркеп коюуга мүмкүнчүлүгү жок!

Кыргызстанда берилген маалымкаттар жана күбөлүктөр түп нускасында берилиши керек. Эгерде сиз документтердин түп нускасын тапшырууну каалабасаңыз же кээ бир документтердин түп нускасын (мисалы: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, кыймылсыз мүлк документтери ж.б.) берүүнүн зарылчылыгы жок болсо, анда бул документтердин көчүрмөлөрүн кошумча тиркеңиз. Арыз берүүдө көчүрмө менен салыштыруу үчүн документтердин түп нускасы берилиши керек. Негизи, документтердин түп нускасы дароо кайтарылып берилет.

Жалган документтерди/маалымкаттарды көрсөтүү, ошондой эле кайрылууда жалган маалыматтарды берүү, сиздин арызыңыздын четке кагылышына алып келет. Бул жагдай Германияга (ошондой эле башка Шенген өлкөлөрүнө) кирүүгө тыюу салышы мүмкүн!

Үйдө же жумушта факс жок. Чакырууну түздөн-түз элчиликке факс же электрондук почта аркылуу жөнөтсөм болобу?

Жок. Чакыруу түп нускасында почта аркылуу жөнөтүлүшү керек. Элчиликтин факс же электрондук почта аркылуу келип түшкөн чакыруу каттарын арыз бергенге чейин сактоого же айрым арыздарга тиркеп коюуга мүмкүнчүлүгү жок!

Турист катары Германияга баргым келет. Менин банк эсебимде канча акча болушу керек?

Элчилик талап кылган конкреттүү сумма жок. Керектүү сумма сиздин ал жерде жашоо баасына, болуу узактыгына жана Германияда пландаштырылган кошумча чыгымдарга жараша болот. Болжол менен сиз ал жерде болуу наркынан тышкары, бир кишиге күнүнө 50дөн 60 еврого чейин деп эсепке ала аласыз.


Германияга турист катары баргым келет. Бул үчүн мен туристтик агенттикке кайрылуум керекпи же саякатты өзүм уюштурсам болобу?

Жок. Албетте, саякатты өзүңүз уюштура аласыз.


Топто саякатка чыгуу үчүн документтерди даярдоодо кандай өзгөчөлүктөр бар?

Топко талап кылынган документтер жеке талапкерлердин документтеринен айырмаланбайт. Саякаттоо максатыңызга дал келген нускаманы окуңуз. Эгерде сиздин саякат максатыңыз жеткиликтүү нускамаларда көрсөтүлбөсө, элчиликтин веб-сайтындагы байланыш формуляры аркылуу биз менен байланышыңыз.


Германияга топ болуп баратабыз. Чакырган тарап чакыруу катынын бир гана нускасын жөнөткөн, анда чакырылган адамдар тууралуу бардык маалыматтар камтылган. Бир чакыруу каты жетиштүүбү же ар бир талапкер түп нускасын бериши керекпи?

 Топтун мүчөлөрү документтерин бир эле учурда элчиликке тапшырса, чакыруунун түп нускасы жана ар бир арыз берүүчү үчүн бул чакыруунун көчүрмөсү жетиштүү.

Эгерде сиз бир топтун курамында документтерди тапшырбасаңыз жана ар бир талапкердин өзүнүн термини болсо, анда чакыруунун түп нускасын кезектеги биринчи арыз ээси бериши керек, топтун башка мүчөлөрү ага шилтей алышат. Бардык талапкерлер чакыруунун түп нускасын берген талапкердин аты-жөнүн билиши керек.

Сөз топтун бардык мүчөлөрүнүн аты-жөнү боюнча көрсөтүлгөн чакыруулар жөнүндө болуп жатат. Чакыруу бир адамга багытталган болсо, топтун бардык башка мүчөлөрү өздөрүнүн чакыруусунун түп нускасын бериши керек.


Биз чоң топ менен баратабыз. Топтун ар бир мүчөсү элчиликке өзү кайрылышы керекпи же топтун бир өкүлү бардык документтерди тапшыра алабы?

Жеке кайрылуу топтук сапар пландаштырылган учурларда да керек. Германия Элчилигинде же Шенген макулдашуусунун мамлекеттеринин башка виза бөлүмдөрүндө манжа тактарын тапшырган талапкерлер өзгөчө болуп саналат, бул адамдардын терминге жеке катышуусу кереги жок. Бирок алар да виза алуу үчүн арызды тапшырууга кабыл алуу күнүн белгилеши керек.


Менин арызым канча убакытка чейин каралат?

Шенген визасын алуу үчүн арызды карап чыгуу, эреже катары, 15 календардык күнгө созулат, бирок кээ бир учурларда, өзгөчө кошумча документтер талап кылынса, көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн. Кошумча документтерди берүүгө, эреже катары, он календардык күнгө чейин убакыт берилет. Ушунун негизинде сиздин арызыңызды кароо убактысы көбөйүшү мүмкүн. Элчилик визанын белгилүү бир датада берилишине кепилдик бербейт жана баш тартуу үчүн жана визаны берүү кечиктирилген учурларда финансылык жоопкерчилик тартпайт. Арызды тапшырууда сизге болжолдонгон паспортту алуу күнү айтылат. Виза алганга чейин авиабилеттерди сатып албаңыз, анткени элчилик сиздин арызыңызды өз убагында карап чыгууга кепилдик бербейт.

Арызымды мүмкүн болушунча тезирээк карап чыгуу үчүн көбүрөөк төлөй аламбы?

Жок, мындай мүмкүнчүлүк жок. Элчилик мыйзамда көрсөтүлгөндөн жогору виза төлөмүн алууга укугу жок.

Мага виза берилет деп кантип ишенимдүү боло алам?

Андай кепилдик жок. Эгер сиз элчиликке документтердин толук пакетин тапшырсаңыз да, сизге виза берилбеши мүмкүн. Чечим документтердин толук пакетин карап чыккандан кийин ар бир арыз боюнча өзүнчө кабыл алынат жана аны алдын ала айтууга болбойт.

Мага элчиликтен чалып, нускамада көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди алып келүүнү суранышты. Эмне үчүн мен бул документтерди тапшырышым керек? Эмне үчүн мен арыз берген күнү муну айтышкан жок?

Эреже катары, виза үчүн документтердин толук топтомун беришиңиз керек. Документтерди тапшырууда элчиликтин кызматкерлери нускамаларда көрсөтүлгөн айрым документтер жок экенин байкаса, бул тууралуу дароо кабарлашат.

Кээ бир учурларда, эгерде тапшырылган документтер менен чечим кабыл алуу мүмкүн болбосо, элчилик нускамада көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылууга укуктуу. Кошумча документтердин зарылдыгы жөнүндө алдын ала маалымат берүү да мүмкүн эмес, анткени бул чечимди терезеден сиздин документтериңизди кабыл алган кызматкерлер эмес, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери кабыл алышат.


Менден сапардын максаты жана кайтууга даярдык тууралуу арыз алып келүүнү суранышты. Мындай арызды кантип жазуу керек? Үлгү барбы? Кимдин атына жазылышы керек?

Бул учурда сиз сапарыңыз тууралуу бардык маалыматты жазышыңыз керек: мисалы, кайда баргыңыз келет, кандай максатта, кимге барууну же кайсы жерге барууну пландап жатасыз ж.б. Ошондой эле сиздин Кыргызстанга сөзсүз кайтып келүүңүздү ырастаган факторлорду жана аргументтерди көрсөтүңүз: мисалы, үй-бүлө, жумуш ж.б. Бул арыз үчүн атайын шаблон же үлгү жок. Сиз арызды виза бөлүмүнүн атына жазып жана аны паспорт берүү учурунда тапшырсаңыз болот.


Виза төлөмү канча?

Шенген визасы үчүн виза акысы 80 еврону түзөт. 6 жашка чейинки балдар төлөөдөн бошотулат, 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн консулдук төлөм 40 еврону түзөт.

Улуттук виза үчүн виза акысы 75 еврону түзөт. Жашы жете электердин арыздарын карап чыгуу үчүн виза акысы 37,50 еврону түзөт. Германиянын жаранынын жубайы/күйөөсү болгон адамдар, ошондой эле Германиянын жарандыгын алган жашы жете элек балдардын ата-энелери улуттук виза үчүн документтерди карап чыгууда виза төлөмдөрдөн бошотулушат. Бул учурда бул туугандык документтештирилиши керек.


Виза төлөмү кайсы валютада төлөнөт?

Виза төлөмү евродо белгиленген, бирок төлөм жалаң улуттук валюта – сом менен жүргүзүлөт. Учурдагы алмашуу курсу боюнча сом менен визалык төлөмдүн суммасы тууралуу актуалдуу маалымат виза бөлүмүнүн кире беришинде илинген же бул маалыматты телефон аркылуу билсе болот.

Виза төлөмүн кайда жана качан төлөөгө болот?

Төлөм VisaMetric компаниясында же документтерди тапшыруу учурунда элчиликте кабыл алынат. Алымды алдын ала төлөө мүмкүн эмес. Элчиликтен жана VisaMetric-тен башка мекеме жана уюмдар алымдын төлөмүн алууга укуктуу эмес.

Документтерди VisaMetric-ке тапшырып жатсам, алымды кайдан төлөй алам?

VisaMetric компаниясына документтерди тапшырууда визаны алуу үчүн алым ошол жерден төлөнөт, андан кийин бул сумма элчиликке которулат.

Элчилик тиешелүү квитанцияны берет, сиз аны паспортуңуз менен кошо аласыз.

Эгерде менин арызым четке кагылса, виза төлөм кайтарылабы?

Жок, виза акысы кайтарылбайт. Виза төлөмү – бул визанын баасы эмес, арызды карап чыгуунун баасы.

ЭСКЕРТҮҮ: Элчиликтин имаратына кирүү квитанция жана инсанды тастыктаган жарактуу документти көрсөткөндө гана уруксат берилет.

Паспортумду элчиликтен качан алып кетсем болот?

Эреже катары, арызыңызды тапшырууда сизге паспортту алып кетүү күнү жана убактысы кабарланат. 
Паспортторду берүү убактысы: дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 14.00дөн 15.00гө чейин, жума күнү саат 12.00дөн 13.00гө чейин. Элчилик кыска мөөнөткө паспорт алуу убактысын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Ушуга байланыштуу, арызды тапшыргандан кийин анкетада көрсөткөн телефон номер боюнча байланышта болууну суранабыз.


Паспорт алуу үчүн өзүм менен эмне алып барышым керек?

Паспортту алып жатканда арыз бергенде берилген баракчаны ала келиңиз. Паспортуңузду жеке өзүңүз ала албасаңыз, сиз үчүн документтерди кабыл алган адам сиздин атыңыздан ишеним кат бериши керек.

Паспортумду жеке өзүм алышым керекпи?

Эреже катары, ооба. Өзгөчө жагдай катары паспортту арыз ээсинин жубайы/күйөөсү, ошондой эле жашы жете элек балдардын ата-энелери ала алышат. Эгерде паспорт үчүнчү жак тарабынан алынса, анда бул жөнүндө арыз берүү учурунда билдирүү керек жана виза бөлүмү тарабынан берилген барак, ошондой эле ыйгарым укуктуу адамга жеке кол коюлган ишеним кат берилүү керек.

Эгерде мен документтеримди VisaMetric-ке тапшырсам, паспортумду кайдан алсам болот?

Мындай учурда сиз паспортуңузду VisaMetric-тен иш убактысында аласыз.

Мен азыр эле визалык этикеткада ката таптым. Мен эмне кылышым керек?

Паспортуңузду алаары менен визаңызды текшерип, каталар же так эместиктер тууралуу дароо кабарлаңыз. Кийинчерээк оңдоолорду киргизүү мүмкүн эмес же кайра виза акысын төлөгөндөн кийин гана мүмкүн. Элчилик эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

Мен жылдык виза алдым. Күндөрдүн саны "90", кириштин саны "MULT" деп көрсөтүлгөн. Бул так эмнени билдирет?

Бул виза менен сиз Шенген макулдашуусунун аймагында (жылына 180 күн) бир жыл ичинде, 90 күн алты ай сайын боло аласыз. Ошол эле учурда кайра  кирип чыгууга болот.
2013-жылдын 18-октябрынан тартып, Виза кодексинин 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Шенген мейкиндигинде жүрүүнүн уруксат берилген убактысын эсептөө ыкмасы Шенген визасынын ээлери үчүн да, визасыз үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн да өзгөрдү. Мурдагы кадимки эсептин ордуна («кийинки алты айдын ичинде 90 күн», б.а. кийинки алты айдын ичинде кирген учурдан тартып эсептөө), эми «ийкемдүү артка эсептөө» колдонулат («мурунку 180 күндүн ичинде 90 күн» , башкача айтканда, текшерүү датасынан алты ай мурун). Бул талап ар бир болуу жана кирүү убагында аткарылышы керек. Келүү жана кетүү күндөрү аймакта болуу күндөрү болуп эсептелет.
Мисалы: Чет элдик жарандын 01.01.2022-жылдан 31.12.2022-жылга чейин жарактуу бир жылдык Шенген визасы бар.
2022-жылдын 18-октябрында ал Шенген мейкиндигинин аймагында болгон.
Бул күнү болуунун мыйзамдуулугун баалоо үчүн 22.04.2022-жылдан 18.10.2022-жылга чейинки мезгил, башкача айтканда, 18-октябрды кошкондо так 180 календардык күн эсептелет.
Бул мезгилде чет өлкөлүк жарандын Шенген мейкиндигинде болгон бардык күндөрү, анын кирип-чыгуусу эсептелет.
Эгерде мындай күндөрдүн саны 90дон ашпаса, анда анын ушул күнү, 18-октябрда болушу мыйзамдуу.
Эгерде чет өлкөлүк жаран чыгып кетпесе, анда кийинки күнү анын жүрүү мыйзамдуулугу кайра каралат. Бирок баалоо мезгили бул жолу өзгөрөт: 23.04.2022 тартып 19.10.2022 чейин — дагы 180 календардык күн, бирок, мезгилдин башталышы жана аягы бир күнгө «жылдырылат».
Бул эсептөөдө чет өлкөлүк жарандын Шенген мейкиндигинде болгон ар бир күнү эске алынат.


Сиз visa -калькулятору менен уруксат берилген күндөрдү эсептей аласыз.
Менин визам (мисалы) 01.05. тартып 01.06 чейин жарактуу. Күндөрдүн саны "15", кириштин саны "01". Бул так эмнени билдирет?


Бул виза менен Шенген мейкиндигинин аймагына бир гана жолу кирүүгө жана эң көп дегенде 15 күн калууга уруксат берилет. Бул 15 күндү сизге 01.05. тартып 01.06 чейин болууга уруксат берилген.


Мен бир гана кирүү менен виза алдым. Мен Шенген аймагынын ичинде саякаттай аламбы же бир гана бир Шенген мамлекетинин аймагында саякаттоо менен чектелишим керекпи?


Шенген аймагынын аймагына кире бериш гана кирүү катары жарактуу. Эгер сиз Германиянын чегинен тышкары башка Шенген макулдашуусунун өлкөлөрүнө барып, андан кийин Германияга кайтып барсаңыз, бул кирүү катары эсептелбейт. Бирок, Түркияда же Кипрде учак которуу кылып жатканыңыз үчүн Шенген аймагынан чыгып кетсеңиз, анда мындай виза менен Германияга кайтып келүү мүмкүн эмес. Бул үчүн, эки кирүү менен виза алуу керек.

Мен бир жылдык виза алдым жана Германияда жарым жылда 50 күн болдум. Мен Испанияда 14 күн эс алууну каалайм. Ушундай кылса болобу?


Ооба. Шенген визасы бардык Шенген макулдашуусунун өлкөлөрүндө жарактуу.

Мен Германиянын элчилиги аркылуу 15 күнгө Шенген визасын алдым жана Германияда 10 күн болгум келет. Ага чейин Италияда 5 күн болууну каалайм. 

Ушундай кылса болобу?


Негизинен, мүмкүн. Германия сиздин аймакта болуунун негизги максаты болуп кала турган болсо, сиз башка Шенген макулдашуусунун мамлекеттери аркылуу кире аласыз. Шектүү учурларда чек ара кызматы сизден жарыяланган мамлекеттин аймагына чындап кире турганыңызды ырастоону талап кылат. Эгерде сиз тиешелүү тастыктоону бербесеңиз, чек ара кызматы сизди киргизбей коюшу мүмкүн.
Менде жарактуу Шенген визасы бар. Бирок азыркы учурда паспортумда бош барактар жок жана жаңы паспорт алышым керек. Менин визам менен эмне болот?
Эски паспортуңуздагы виза паспорт жараксыз болсо дагы жарактуу деп эсептелет. Эки паспорт менен көйгөйсүз саякаттай аласыз. Же болбосо, алдын ала жазылуу боюнча, эски жана жаңы паспортторуңузду виза бөлүмүнө тапшырсаңыз болот – көпчүлүк учурда биз визаңызды жаңы паспортко визалык төлөмүн төлөтбөй которо алабыз.


Апелляциялык кат кайсы тилде жазылышы керек?

Кат немис же англис тилинде жазылышы мүмкүн. Улуттук виза берилбей калган учурда, апелляциялык кат немис тилинде жазылышы же которулушу керек. Кат түшүнүктүү кол жазма менен болушу керек. Апелляциялык катына жооп немис тилинде гана жазылат.
Апелляциядан кийин жаңыланган арызды кароого канча убакыт кетет?
Кирүүчү апелляциялык каттар хронологиялык тартипте каралат. Виза бөлүмүнүн иш жүгүнө жараша, арызыңыздын кайра карап чыгуусуна бир нече жума талап кылынышы мүмкүн.


Менде башка мүмкүнчүлүк барбы?

Апелляциялык кат тапшыруунун ордуна Берлиндеги административдик иштер боюнча сотко арыздансаңыз болот. Виза берилбей калган учурда ала турган катта бул маселе боюнча толук маалымат табууга болот.

Мен эмне үчүн менин арызым четке кагылганын түшүнөм, бирок мен дагы эле Шенген макулдашуусунун өлкөлөрүнө барууну каалайм. Мен жаңы арыз тапшыра аламбы?


Сиз каалаган убакта жаңы арыз тапшырсаңыз болот. Бул үчүн, сиз  убакытты белгилеп, нускамаларда көрсөтүлгөн документтердин толук пакетин кайрадан чогултушуңуз керек. Ошол эле учурда, бирдей маалыматтар жана документтер менен жаңы өтүнмө сиздин арызыңыз боюнча башка чечимге алып келиши мүмкүн эмес экенине көңүл буруу керек.


Эгерде сиз буга чейин апелляциялык-кат менен кайрылган болсоңуз, анда апелляция боюнча чечимди күтүү жана жаңы арыз бербөө сунушталат.


Мен Кыргызстандан бирөөнү Германияга чакырдым, бирок анын арызы кабыл алынган жок. Виза алуу үчүн эмне кылсам болот?


Чакыруучу адам катары сиз виза берүү чечимине таасир эте албайсыз. Элчиликте пайда болгон мүмкүн болгон шектенүүлөрдү арыз берүүчүнүн өзү гана жокко чыгара алат. Чакыруучу катары сизде виза берилбеши тууралуу чечимине каршы чыгууга укугуңуз жок. Бул арыз ээсинен бул аракетке ишеним кат алынган учурда гана мүмкүн болот.


Мен арыз берүүчүгө кепилдик бердим, анда мен өзүмдүн финансылык абалымды далилдедим. Ага карабастан, анын кайтып келүүгө даярдыгынан күмөн санап, арыз четке кагылган. Бирок мен өзүмдүн кепилдигим аркылуу арыз ээсинин Германиядан чыгып кетишине кепилдик берем.


Кепилдик Германияда болууну каржылоого гана кепилдик берет. Арыз ээсинин кайтып келишине кепилдик берүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Бул арыз берүүчүнүн өзүнүн инсандыгын текшерүүнүн негизинде гана мүмкүн болот.

Виза бөлүмү менен качан жана кантип байланышсам болот?

Иш убактысы: дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин: 08:15тен 12:00гө чейин жана 14:00дөн 15:00гө чейин;
Жума: 08:15тен 11:30га чейин
Дарек: Орион бизнес-борбору, Эркиндик бульвары 21, 720040 Бишкек
телефон: +996 312 627100
Виза бөлүмүнүн телефону: +996 312 627112
Чалууларды кабыл алуу: дүйшөмбү - бейшемби: 15:00 - 16:00
жума: 10:00 - 11:00 (арыздарды кароо жүрүшү туралуу маалыматкаттар берилбейт)
телефакс: +996 312 627135
+49 30 1817 67193 (Германиядан келген факстар үчүн)
Байланыш формуляры
ВизаМетрик фирмасына: дүйшөмбү – жума 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыз болот же бул жерден көбүрөөк билсеңиз болот. 


Эмне үчүн виза бөлүмүнө кабыл алуу сааттарында чала албай жатам?

Сураныч, арыз берүүчүлөрдү кабыл алуудан улам бардык чалууларга жооп берүү мүмкүн эмес экенин түшүнүңүз. Эгерде виза бөлүмүнө чалуу мүмкүн  болбосо, биздин сайттагы байланыш формуляры аркылуу кайрылыңыз. Жазуу түрүндөгү өтүнүчүңүзгө жооп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.


Байланыш формуляры аркылуу кайсы тилде виза бөлүмүнө кайрылуу керек?

Сиз кайрылууңузду немис, орус же англис тилдеринде жазсаңыз болот.


Кайрылуума жооп алуу үчүн канча убакыт күтүшүм керек?

Бардык суроо-талаптар кабыл алынаары менен хронологиялык тартипте каралат. Эреже катары, бир жуманын ичинде сиздин сурооңузга жооп аласыз. Арыз бергендердин саны көп болсо, жооп алуу үчүн бир жумадан ашык убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бир эле жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды же каттарды окшош суроолор менен жөнөтүү сиздин өтүнүчүңүздүн каралышын тездетпейт, ал виза бөлүмүнүн баалуу убактысын текке кетирет.


Мен байланыш формуляры аркылуу сурам жиберип, жооп алган жокмун. Эмне себептен?

Жоопторду нускамаларды окуу аркылуу, сайттагы маалымат же FAQ бөлүмүн - эң көп берилүүчү суроолордун жыйнагын окуу аркылуу алууга боло турган өтүнүчтөргө виза бөлүмү жооп бербесин эске алыңыз. Ошондуктан, сураныч, өтүнүчүңүздү жөнөтүүдөн мурун берилген бардык маалыматты кылдат окуп чыгыңыз.
Кандай учурда дагы жалпы суроолор (мисалы: "Визаны кантип алсам болот?") каралбай турганын эске алыңыз. Сураныч, суроолоруңузду туура жана конкреттүү учурларга карата түзүңүз.


Мен арызымдын кароо жүрүшү боюнча сурам жибердим, бирок жооп алган жокмун. Эмне себептен?

Виза бөлүмү сиздин арызыңызды карап чыгуу стадиясына байланыштуу маалымат бербей турганын түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Бизде жаңы маалымат болоору менен сиз менен сөзсүз байланышабыз.


Улуттук визага арызымды кароо жүрүшүнө канча убакыт кетет?

Улуттук визага арызды карап чыгуу сиздин болуу максатыңызга жана келечектеги Германияда турган жериңизге жараша болот. Сиз сапарыңыздын максатына туура келген документтерди карап чыгуу болжолдуу убактысы тууралуу толугураак маалыматты нускамадан табасыз. Кээ бир учурларда арызды карап чыгуу бир нече айга созулушу мүмкүн экенине көңүл буруңуз.
Көпчүлүк учурда Элчилик Сиздин арызыңыз боюнча чечимди Сиздин келечектеги жашаган жериңиздеги чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча мекемесинен арызга баа алгандан кийин гана кабыл алаары тууралуу эске алыңыз. Чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча ведомстводогу документтерди карап чыгуу убактысы элчиликтен көз каранды эмес.


Мен студентмин жана улуттук визага документтерди тапшыршым керек, бирок жазылуу системасында Шенген визасы үчүн гана бош убакыт бар. Мен эмне кылышым керек?


Биздин сайттагы байланыш формуляры аркылуу билдирүү жазууну суранабыз. Биз сизге кезексиз арыз тапшырууга убакыт берүүгө аракет кылабыз. Бирок, мүмкүнчүлүктөр чектелгендигине байланыштуу мүмкүн болбосо, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз.

Мен студентмин жана улуттук виза алуу үчүн бардык документтеримди даярдадым. Мага Германиядагы тосмолонгон банк эсеби гана жетишсиз. Мен арыз тапшыруу убактысын алдыга жылдырышым керекпи же документтердин толук эмес пакети менен тапшырууга мүмкүнчүлүгүм барбы?

Эгерде сизде окуу башталганга чейин (окуунун башталышы үч-төрт айдан кийин) жетиштүү убакыт болсо, анда сиз жолугушууну жокко чыгарып, документтердин толук пакети болгондо арыз тапшыруу керек. Эгерде сизде окуу башталганга чейин убакыт жетишсиз болсо, анда документтердин толук эмес пакети менен арыз тапшырыңыз. Кандай учурда дагы, Элчилик Германияда тосмолонгон банк эсебин ачып, анын тиешелүү тастыктоосун көрсөткөндөн кийин гана виза бере алат.

Мен үй-бүлөнү бириктирүү боюнча арыз тапшырууну каалайм, бирок мен немис тилин билүү боюнча тастыктоо документим жок. Мен азыртадан арыз тапшыра аламбы?

Эгер сиз экзаменден өтүп, бирок бул тууралуу тастыктоо албасаңыз, анда сиз арызыңызды документтердин толук эмес пакети менен тапшырып, кийинчерээк тил сертификатын тапшырасыз. Эгерде сиз баштай элек болсоңуз же жакында эле тил курсуна бара баштаган болсоңуз, анда арыз тапшыруу сунушталбайт.

Мен A1 сертификатын алуу үчүн «Гёте институтунун» тил курсуна барышым керекпи?

Жок, каалаган тил курсуна барууга болот. Сиздин тилди билүүңүздүн далили катары, "Чет тилди билүү боюнча жалпы европалык компетенциялар" (ALTE) стандартка ылайык экзаменине туура келген сертификатты тапшыруу керек болот. Бул төмөнкү сертификаттарга тиешелүү: Гёте институтунун "Start Deutsch 1" же Ooo "telc", австриялык тил диплому (ÖSD) "Grundstufe Deutsch 1", TestDaF институтунун "TestDaF".
Жашы жете элек балага улуттук виза алууда эмнеге көңүл буруу керек?
Жашы жете элек бала, негизинен, баланын бардык камкорчуларынын көчүп кетүүсүнө нотариалдык макулдук берилгенден кийин гана Германияга көчүүгө укуктуу экенине көңүл буруңуз.

Мен бир жылдык же көп жылдык жашоого улуттук визага арыз тапшырдым. Бирок берилген виза 90 күнгө гана жарактуу. Эмне үчүн?

Улуттук визалар, негизинен, 90 күндүк мөөнөткө гана берилет жана сиздин жашаган жериңиздеги чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча мекеме тарабынан узартылышы керек. Келгенден кийин, Сиз дароо чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча компетенттүү мекемесинен катталып, жашап турууга уруксат алуу үчүн арыз тапшыруу керек.

Мен улуттук виза алдым. "...үчүн жарактуу" талаасында "Германия" деп көрсөтүлгөн. Мен Италия аркылуу кирип, Германияга бараардан мурун ал жерде бир жума болгум келет. Уруксат бекен?

Ооба. Улуттук виза бардык Шенген макулдашуусунун мамлекеттеринин аймагында 90 күнгө чейин болууга мүмкүндүк берет. Эгер Шенген макулдашуусунун үчүнчү өлкөсү аркылуу кирсеңиз, чек ара көзөмөлүндө Германияга кете турганыңызды ырасташыңыз керек.

Мен кеч көчүп келген же анын үй-бүлө мүчөсү катары туруктуу жайгашуу укугум бар экендиги тууралуу эскертме алдым. Кайсы визага документтерди тапшыруу керек?

Бул учурда сиз улуттук визага арыз тапшырасыз жана бир нускада анкета-арызын толтурасыз. Керектүү документтер тууралуу биздин www.bischkek.diplo.de сайтында карасаңыз болот.

Документтерди карап чыгууга канча убакыт кетет?

Документтерди карап чыгуу, адатта, 10 жумушчу күндү талап кылат, кээ бир учурларда андан да көп. Документтерди карап чыккандан кийин, сиз Германияга 90 күндүк мөөнөткө жана бир кирүү менен виза аласыз.

Мен Кыргызстандан адамды Германияга конокко чакыргым келет?


Чакырылган адамдын Германияда болуусу үчүн чыгымдарды ким көтөрөөрүн так аныкташыңыз керек: сиз, сиздин фирма же арыз берүүчүнүн өзү.
Эгерде Сиз коноктун болушуна байланыштуу бардык чыгымдар үчүн жооптуу болсоңуз, анда чакырылган адам үчүн милдеттенмерди алуу боюнча расмий арыз тапшырышыңыз керек. Муну сиз жашаган жериңиздеги чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча мекемесинде жасай аласыз. Визага арыз тапшыруу үчүн милдет алуу жөнүндө арызды түп нускасында чакырылган адамга жөнөтүлүшү керек. Документтерди факс аркылуу жөнөтүү мүмкүн эмес.
Эгерде Сиз кимдир бирөөнү фирманын атынан чакырып жатсаңыз, анда Сиз чакырууда милдеттенмелерди кабыл алуу жөнүндө мындай билдирүүнү төмөнкү текст менен сөзмө-сөз көрсөтсөңүз болот:
"бул кат менен биз ….айымдын/мырзанын Шенген макулдашуусунун өлкөлөрүнүн аймагында Чет өлкөлүк жарандардын аймакта болушу жөнүндө мыйзамына §§66-68 ылайык бардык чыгымдарын көтөрүүгө милдеттенебиз"
Эгерде чакыруу фирмадан келсе, чакырууга фирманын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюуга тийиш экенин эске алыңыз. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр соода жана өнөр жай реестринен көчүрмөдө көрсөтүлөт. Чакырууларга кол койгон адамга реестрде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн биринен ишеним кат берилүүгө тийиш. Ишеним кат соода жана өнөр жай реестринен көчүрмө менен бирге виза бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конок бардык чыгымдарды өзү көтөргөн учурларда, каалаган формада түзүлгөн чакыруу кагазын жана паспортуңуздун көчүрмөсүн же башка учурларда Шенген макулдашуусунун мамлекетинде жашоого уруксат кагаздын көчүрмөсүн берүү жетиштүү.


Мен эркин формадагы чакырууну (расмий чакыруу) кантип жазсам болот жана ал кандай маалыматтарды камтышы керек?


Чакыруу эркин формада компьютерде түзүлүшү же кол менен жазылышы мүмкүн, кандай болгон күндө да түп нускасында ага кол тамга коюлушу керек. Кат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
Чакыруучу адамдын аты-жөнү, туулган жылы
Чакырылган адамдын аты-жөнү, туулган жылы
Чакырылган адам жашай турган Германиядагы дарек
Аймакта болуунун узактыгы
Чакыруу даярдалган күндүн датасы
Эскерте кетсек, эркин формадагы чакырууга чакырылган адам сапарды өзү каржылаган учурда гана уруксат берилет.

Расмий чакыруунун формулярын элчиликтин сайтынан издеңиз.


Чакырылган адамдын бардык чыгымдарын өзүм көтөрөм. Арыз ээси дагы эле өз каражаттарынын болушу тууралуу тастыктоо бериши керекпи?

Жок - эгерде Германиядан милдеттерди алуу боюнча расмий арыз берилсе, анда чакырылган тараптан каржылоонун кошумча тастыктоосу талап кылынбайт. Бирок визага арызды карап чыгуу үчүн банктан көчүрмө талап кылынышы мүмкүн (өз өлкөсүндөгү каржылык абал маанилүү аргумент (далилдөө?) болушу мүмкүн).
Башка Шенген макулдашусунун өлкөлөрүнүн чакырууларына башка талаптар болушу мүмкүн экенин эске алыңыз.


Мен Германияда чакырылган адам үчүн милдеттенмелерди алуу боюнча расмий арызын түздүм. Ал канча убакытка чейин жарактуу?


Элчилик милдеттенме алуу жөнүндө расмий арызды аны даярдаган күндөн тартып 6 айдын ичинде жарактуу деп эске алат. Бул убакыттын ичинде сиз визага арыз тапшырып, аймакка кирүү керек. Эгерде жылдык виза талап кылынса, бул расмий арызда так көрсөтүлүшү керек.


Мен расмий чакыруу жөнөттүм, бирок азыр бул адамдын мага келишин каалабайм. Чакыруумду кантип жокко чыгарсам болот?


Теориялык жактан алганда, сиз чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча мекемеси аркылуу расмий чакырууңузду жокко чыгара аласыз. Элчиликтин мурда кайтарылып алынган расмий чакырууну эч кандай жол менен таануу жана кароо иш жүзүндө мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз сиздин чакырууңуз менен арыз каралбайт жана виза берилбейт деп кепилдик бербейбиз.
Андыктан, сиз чындап эле ушундай милдеттенмелерди алууга даярсызбы, алдын ала ойлонуңуз. Же болбосо, сиз расмий эмес чакыруу жөнөтсөңүз болот жана коногуңуз сапарга чыгууга каржылык мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдеши керек.

Мен бир адамды Германияга чакырууну каалайм. Арыз берүүчүлөр элчиликке күрөө калтырышы керек, же болбосо накталай акча каражаттардын бар экендигин такстыкташы керек деп уктум. Бул чынбы?


Бул маалымат чындыкка дал келбейт! Элчилик эч кандай күрөө салымын же накталай акчаны көрсөтүүнү талап кылбайт. Финансылык мүмкүнчүлүктү тастыктоо банктык эсептин көчүрмөсү жана эмгек айлык акы жөнүндө көчүрмө түрүндө жүргүзүлөт.

Консулдук кызматкерлердин, Visametric виза борборунун кызматкерлеринин жүрүм-турумуна же визага тапшыруу процессине кантип даттануу арызын берсем болот?

Шенген визасына талапкерлер консулдук кызматкерлеринин жүрүм-турумуна, VisaMetric виза борборунун кызматкерлеринин жүрүм-турумуна же визага арыз берүү процессине даттануу үчүн байланыш формулярын колдоно алышат. Бул үчүн, байланыш формулярында «Beschwerde zum Schengen-Visum-Verfahren» рубрикасын тандоо керек. Даттануулар немис же англис тилинде гана берилиши мүмкүн. Башка тилдерде берилген даттануулар каралбайт: Сураныч, «Тема» талаасында төмөнкү үч варианттын бирин көрсөтүңүз:
●    консулдук кызматкерлеринин жүрүм-турумуна даттануу
●    VisaMetric сервис-виза борборунун кызматкерлеринин жүрүм-турумуна даттануу
●    шенген визасын алуу процессине даттануу.
Сиздин даттануу кабыл алынгандан кийин, ал кароого алынат.
Эскертүү: Байланыш формуляры визадан баш тартуу, визаны жокко чыгаруу же жокко чыгаруу боюнча чечимдерди мыйзамдуу түрдө апелляция үчүн арналган эмес (б.а., атап айтканда, апелляция үчүн арналган эмес).
 
«ВИЗА ЖАНА КОНСУЛДУК ЖАНА УКУКТУК СУРООЛОР» КАРАП ЧЫГУУ
Баракчаны басып чыгаруу
Баракча менен бөлүшүү
Баракчанын башына кайтуу

Беттин башында