Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Нике, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө күбөлүк жана Германиянын нике реестринде күбөлөндүрүү

Артикль

Никеге жөндөмдүүлүгү жөнүндө күбөлүк

Никеге турууга жөндөмдүүлүк тууралуу күбөлүк Германиянын мыйзамдарына ылайык, никени курууга эч кандай белгилүү тоскоолдуктар жок экендигин тастыктайт. Нике күбөлүк Германияда азыркы же акыркы жашаган жериңиздеги ЗАГС тарабынан берилет.

Чет өлкөдө түзүлгөн никенин таанылышы

Негизи, чет өлкөдө түзүлгөн нике Германияда жарактуу деп эсептелет, эгерде нике кыйылган өлкөдө никеге карата колдонулуучу мыйзам жоболору сакталса. Чет өлкөдө түзүлгөн никени расмий таануунун Германияда процедурасы жок.

Германиянын нике реестринде чет өлкөдө түзүлгөн никени күбөлөндүрүү

Чет өлкөдө түзүлгөн нике Германиянын нике реестринде өтүнүч боюнча күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Процесс аяктагандан кийин, Германиянын нике күбөлүгү берилиши мүмкүн.Жол-жобосу боюнча баш-кошкондордун бирөөсүнүн жашаган жери боюнча ЗАГС жооптуу болот. Эгерде үй-жайлары жок болсо, Берлиндеги I ЗАГС жооптуу.  Бардык документтер түп нускада көрсөтүлүшү керек; Кыргыз документтерине апостиль коюлушу керек (зарыл болгон учурда жана кошумча күбөлүктөр бар болсон, арызды кошо тапшырса болот).

Бардык кыргыз же орус тилиндеги документтер ISO9 стандартына ылайык немис тилине котормосу менен тапшырылышы керек.


Форма жана кошумча маалыматтар

Internationale Eheschließung Eine Eheschließung ist ein rechtlich bindender Vertrag mit Auswirkungen in vielerlei Hinsicht. Für eine Eheschließung im Ausland gelten unter Umständen zusätzliche…

Eheschließung im Ausland

Беттин башында