Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз
Академиялык билими бар квалификациялуу адистер үчүн виза (§18b Аймакта болуу мыйзамы)
Жалпы маалымат
Германияда таанылган академиялык билими бар квалификациялуу адис катары, сиз каалаган квалификациялуу жумушка орношуу үчүн, Германияда жашоого уруксат ала аласыз.
- Эгерде университетте окуу учурунда же квалификациялуу кесиптик окууда алынган көндүмдөрдү, билимдерди жана жөндөмдөрдү талап кылса, анда бул квалификациялуу жумуш деп эсептелинет.
Арыз тапшыруу
Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине котормосу менен, бардык түп нускалары жана котормолору - бир нускада берилиши керек.