Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Улуттук виза (90 күндөн ашык)

Артикль

Германияда 90 күндөн ашык калууну же иштей баштоону каалайт белеңиз? Анда сизге улуттук виза керек. Арыз тапшырууда төмөнкү маалыматты эске алыңыз:

Германиянын Бишкектеги элчилигине кимдер кайрыла алат?

Эгерде сиз Кыргыз Республикасында туруктуу жашасаңыз, Германиянын Бишкектеги элчилиги сиздин виза берүү жөнүндө арызыңызды кароого ыйгарым укуктуу. Белгилүү бир жагдайлар боюнча сиз бул жерде 6 айдан кем эмес же дагы кеминде 6 ай жашоо ыктымал болушу тууралуу далилдер болсо, туруктуу жашоого уруксат берилет. Ушунун негизинде, күмөн жаралган учурда тиешелүү далилдерди көрсөтүү зарыл.

Арыздарды кантип жана качан тапшырса болот?

Арыз тапшыруу үчүн жазылуу керек. Арыз тапшырууга жазылуу Визага арыз берүү үчүн жазылуужүргүзүлөт. Au Pair катары калууга же кесиптик окууга виза алуу арыздары Visametric аркылуу тапшыруу мүмкүн экенин эске алыңыз.

Арыз тапшырууда манжалардын тактарын берүү керек жана көпчүлүк учурда терезенин жанында сүйлөшүү зарыл. Ушуга байланыштуу, виза бөлүмүндө арыз ээсинин жеке болушу милдеттүү талап болуп саналат. Берилген суроолор жана сиз тапшырган документтер арызыңызды туура баалоо үчүн зарыл. Суроолорго толук жана чындыкка туура келген жоопторду берүүнү суранабыз. Шенген визасын мурун алган учурда дагы, манжалардын тактарын берүү керек.

Арыз тапшырууда канча төлөш керек?

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.

Арызды карап чыгууга канча убакыт кетет?

Көпчүлүк учурларда визаны берүү үчүн белгиленген жашаган жеринин чет өлкөлүктөр иши боюнча ведомствонун же Федералдык эмгек агенттигинин макулдугу талап кылынат. Ошентип, сиздин арызыңыз элчилик тарабынан ушул компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Элчилик Германиянын ведомстволорунда арызды кароо мөөнөтүнө таасир эте албайт. Арыз бир нече жума же бир нече айдын ичинде карала турганын эске алуу керек. Кааласаңыз, паспортуңуз арыз берген күнү сизге кайтарылып берилет. Арызыңыз боюнча чечим кабыл алынар замат элчиликтен кабар аласыз.

Кандай документтерди тапшыруу зарыл?

Германияда болуунун конкреттүү максаттары үчүн кандай документтер тапшырылышы керектиги тууралуу маалыматты тиешелүү нускамалардан тапса болот Улуттук виза (90 күндөн ашык)​​​​​​​. Эгерде кээ бир учурларда башка жол менен тактоого мүмкүн болбогон суроолор пайда болсо, анда биз кошумча документтерди (нускамада көрсөтүлгөндөн тышкары) суроого же жеке түрүндө виза бөлүмүндө (кайталануучу) жеке маектешүүгө чакырууга мажбур болушубуз мүмкүн.

Визаны алуудан мурун медициналык камсыздандыруу полиси көрсөтүлүшү керек, ал бардык Шенген макулдашуусунун өлкөлөрүндө 90 күн бою жарактуу болушу керек. Медициналык камсыздандыруу келишими Германияда да, Кыргыз Республикасында да түзүлүшү мүмкүн. Тапшырылган полис камсыздандырылган адамдын туура маалыматтарын, жарактуулук мөөнөтүн жана жарактуулук аймагын камтууга тийиш (Шенген макулдашуунунмамлекеттери!); «тариф 123» сыяктуу маалыматтар жетишсиз.

Бардык документтер арыз ээси же ишеним каты бар ыйгарым укуктуу адам тарабынан жеке берилет. Документтердин ортосунда акча каражаттары жок экенине көңүл буруңуз; бул сатып алууга аракет катары каралат жана виза берилбей калышына алып келет.

Документтерди түздөн-түз элчиликке жөнөтүүдөн алыс болуңуз, анткени бул кат-кабарлар каралбайт.

Жалган документтерди/маалымкаттарды, ошондой эле чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү сөзсүз түрдө арызды кабыл албай коюуга алып келет жана Германияга (башка Шенген мамлекеттерине дагы) кирүүгө тыюу салууга алып келиши мүмкүн!

Жашы жете элек балага кайрылууда эмнеге көңүл буруу керек?

Жашы жете элек бала үчүн – анын жашына карабастан – ата-энесинин экөөсү же ата-энелик (камкорчулук) укугу бар адамдар тарабынан кол коюлган өзүнчө анкета-арыз (эки нускада) тапшыруу талап кылынат. Мындан тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк түп нускасында жана көчүрмөсү
  • эгерде ата-эне же ата-энелик укугу бар адамдар бала менен бирге жүрбөсө, анда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын түп нускасын жана немис тилине котормосу менен кошо көчүрмөсүн берүү зарыл. Уруксат берүү жөнүндө арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек: ата-энелик укугу бар адамдын жана баланын так маалыматтары (аты, фамилиясы жана туулган күнү), ата-энелик укугу бар адам балага Германияга кетүүгө же Германияда узак убакытка калууга уруксат берээри тууралуу маалымат.

 Эгерде башка ата-эне чет өлкөдө калса, жалгыз ата-энелик укуктарын тастыктоо (мисалы, ата-энелик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө соттун чечими, ата-энелик укугу бар экинчи адамдын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк) талап кылынат. Эреже катары, ажырашкандан кийин ата-энелик укукту экөө тең сактап калат.

Кошумча маалымат:

Улуттук визанын жарактуу мөөнөтү үч айдан алты айга чейин. Андан ары, Германияда чет өлкөлүктөр иши боюнча компетенттүү ведомствосу аймакта болуу максатына ылайык узак мөөнөттүү жашап туруу уруксатын (жашап туруу укугу) берет. Бир жылга чейинки пландаштырылган аймакта болуу үчүн, мисалы, алмашуу боюнча окуу, аймакта болуу үчүн виза бүткүл мөөнөткө дароо берилиши мүмкүн.

Чек ара көзөмөл пункттарында кирүү учурунда тиешелүү жагдайлар такталса, жарактуу виза бар болгонуна карабастан, сизге Германияга кирүүгө уруксат берилбешимүмкүн экенин эске алыңыз.

Улуттук виза үчүн анкетанын формулярлары жана сапардын максатына жараша маалыматтар 

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз! Бардык документтер немис тилине котормосу менен, бардык түп нускалары жана котормолору…

Үй-бүлө бириктирүү үчүн виза

18 жаштан жогору, бирок 27 жаштан улуу эмес уул-кыздар Au Pair катары алты айдан он эки айга чейинки мөөнөткө иштөө үчүн виза ала алышат.

Германияда Au Pair болуп иштөө 

Жалпы маалымат Ишканада окуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жашап турууга уруксат иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин макулдугу менен берилиши мүмкүн. Бул үчүн зарыл шарттар,…

Германияда кесиптик билим алуу

Сиз аяктаган кесиптик билимиңиз же башка квалификацияңыз менен Германияда жумушка орношо аласыз. Ошондой эле окууга жана квалификациясын жогорулатууга, каникул учурунда же стажировка учурунда иштөөгө…

Германияда иштөө

Жалпы маалымат Университетте же даярдоо мекемесинде (Studienkolleg) окууга (зарыл болсо, даярдоо курсу менен) кабыл алынган чет элдик студенттер Германияда окуу үчүн виза ала алышат. Окууга кабыл алуу…

Германиянын жогорку окуу жайларында билим алуу

Федералдык сүргүндөрдүн мыйзамы (BVFG) немис улутуна таандык  болгон үчүн Экинчи Дүйнөлүк Согуштун кесепеттерин дагы деле сезип жаткан адамдарды кабыл алууну жөнгө салат. Мыйзам чыгаруучу жыл сайын…

Кеч отурукташкандар үчүн маалымат 

Улуттук виза үчүн нускамалар (алты айдын ичинде 90 күндөн ашык болуу)

Көңүл буруңуздар, арыздар документтердин толук пакети менен гана кабыл алынат.

Бул жерде сиз сапарыңызга тиешелүү керектүү документтердин нускамаларын таба аласыз:


Сапарыңыздын максаты көрсөтүлгөн жокпу? Бизге жазыңыз. Бул тизмелер эң кеңири таралган максаттар үчүн гана түзүлгөн; тизме толукталып турат.

Беттин башында