Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Нике, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө күбөлүк жана Германиянын нике реестринде күбөлөндүрүү

Артикль

Никеге жөндөмдүүлүгү жөнүндө күбөлүк

Никеге турууга жөндөмдүүлүк тууралуу күбөлүк Германиянын мыйзамдарына ылайык, никени курууга эч кандай белгилүү тоскоолдуктар жок экендигин тастыктайт. Нике күбөлүк Германияда азыркы же акыркы жашаган жериңиздеги ЗАГС тарабынан берилет.

Чет өлкөдө түзүлгөн никенин таанылышы

Негизи, чет өлкөдө түзүлгөн нике Германияда жарактуу деп эсептелет, эгерде нике кыйылган өлкөдө никеге карата колдонулуучу мыйзам жоболору сакталса. Чет өлкөдө түзүлгөн никени расмий таануунун Германияда процедурасы жок.

Германиянын нике реестринде чет өлкөдө түзүлгөн никени күбөлөндүрүү

Чет өлкөдө түзүлгөн нике Германиянын нике реестринде өтүнүч боюнча күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Процесс аяктагандан кийин, Германиянын нике күбөлүгү берилиши мүмкүн.Жол-жобосу боюнча баш-кошкондордун бирөөсүнүн жашаган жери боюнча ЗАГС жооптуу болот. Эгерде үй-жайлары жок болсо, Берлиндеги I ЗАГС жооптуу.  Бардык документтер түп нускада көрсөтүлүшү керек; Кыргыз документтери легалдаштырылышы керек (зарыл болгон учурда жана кошумча күбөлүктөр бар болсон, легалдаштырууга арызды кошо ьапшырса болот).

Бардык кыргыз тилиндеги документтер ISO9 стандартына ылайык немис тилине котормосу менен тапшырылышы керек.


Форма жана кошумча маалыматтар

Internationale Eheschließung In einer Zeit der zunehmenden internationalen Vernetzung rückt die Welt näher zusammen. Im Zuge der Globalisierung durch moderne Transport- und…

Eheschließung im Ausland

Беттин башында