Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Мүмкүнчүлүк картасы

Артикль

2024-жылдын 1-июнунан тартып, Аймактаа болуу мыйзамдын §§ 20a, 20b пункттарына ылайык "Мүмкүнчүлүк картасы" жумуш издөөчүлөргө жумуш издөөгө же чет өлкөлүк кесиптик квалификацияны таануу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, "Мүмкүнчүлүк картасы" мурунку Аймакта болуу мыйзамынын § 20-пунктуна ылайык  "Квалификациялуу адистерге жумуш издөө визасын" алмаштырат.

Жашоо каражаты камсыздалган учурда, "Мүмкүнчүлүк картасы" виза түрүндө максималдуу бир жылга берилет. 

Бул Германияда болгонуңузда жумасына 20 сааттан сыноо жумушун же толук эмес иштөө мүмкүнчүлүктөрүн берет . 

"Мүмкүнчүлүк картасы" өлкөнүн ичинде квалификациялуу жумуш сунушу болгондо жана ал ишке орноштуруу боюнча федералдык агенттик тарабынан бекитилсе, өлкө ичинде дагы эки жылга узартылышы мүмкүн.

Мүмкүнчүлүк картасы талапкерлердин эки түрдүү тобу үчүн жарактуу:

Вариант 1:

Чет өлкөлүк квалификациялары толугу менен эквиваленттүү экенин көрсөтө алган жана ошондуктан Аймакта болуу мыйзамдын 3 §18 пунктуна ылайык “квалификациялуу адис” деп эсептелген талапкерлерге "Мүмкүнчүлүк картасына" түз мүмкүнчүлүк берилет.

Сиздин квалификацияңыздын эквиваленттүүлүгүн кантип далилдей ала тургандыгы тууралуу маалыматты биздин интернет-сайттан тапса болот.

Квалификациялуу кесиптик билими бар квалификациялуу адистер үчүн виза (§ 18a  Аймакта болуу мыйзамы)

ошондой эле, 

Академиялык билими бар квалификациялуу адистер үчүн виза (§18b  Аймакта болуу мыйзамы) 

Вариант 2:

Квалификациялуу адис болуп эсептелбеген талапкерлер төмөндөгү документтерди толугу менен көрсөтсөн учурда "Мүмкүнчүлүк картасын" ала алышат:

  • Ал алган мамлекет тарабынан таанылган эки жылдан кем эмес кесиптик билимди тастыктаган документ ЖЕ ал алган мамлекет тарабынан таанылган жогорку билим даражасы налган болсо. Муну чет элдик билим берүү боюнча борбордук кеңсенин (ZAB) тиешелүү сертификаты аркылуу гана ырастаса болот. Же болбосо: чет өлкөдөгү Германиянын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилген кесиптик квалификациясын аркылуу.
  • A1 деңгээлинде немис тилин билүүнүн далили же болбосо, ALTE тарабынан тастыкталган тил сертификаттары аркылуу B2 деңгээлинде англис тилин билүүнүн далили (мисалы, Goethe-Institut, TELC GmbH, ÖSD, TestDaF, DSD Sprachdiplom; Cambridge, IELTS, TOEFL; бир (1) жылдан эски эмес.
  • Аймакта болуу мыйзамдын §20b-пунктуна ылайык минималдуу 6 упай топтолгондугун ырастоо.

Упайлар ар кандай критерийлердин негизинде ыйгарылат (квалификацияны Германияда таануу, тил билүү, кесиптик тажрыйбасы, жаш курагы, Германия менен болгон байланышы, сиз менен чогуу жүргөн жубайыңыздын потенциалы).

Упайлар кантип ыйгарылары тууралуу көбүрөөк маалыматты, ошондой эле өзүңүздүн упайлардын санын баалоо үчүн "өзүн-өзү текшерүү" мүмкүнчүлүгүн make-it-in-germany. сайтынан таба аласыз.


1-вариант жана 2-вариант үчүн сиз ошондой эле төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Сиз кайсы жумуш чөйрөсүнө жана кызмат орундарына кызыгып жатканыңыз, кайда кайрылгыңыз келгени жана кайсы турак жайды колдоно турганыңыз тууралуу болушу керек.

Мурунку профессионалдык карьераңыз тууралуу таблица түрүндө 

Каржылоону тастыктоо

айына минималдуу 1027 евро, пландалган баруу мезгилинде

Пландаштырылган Германияда болуу мезгилине жогоруда көрсөтүлгөн айлык сумма менен немис банкында бөгөттөлгөн эсепти ачуунун далили.

Визага кайрылууда төлөнгөн жалпы сумманы жана жеткиликтүү болгон айлык сумманы көрсөтүү менен эсеп ачуунун расмий ырастоосу гана кабыл алынат. Бул суммалар көрсөтүлбөсө, анда бул ырастоо жетишсиз.​​​​​​​Сиз "бөгөттөлгөн эсеп" жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден таба аласыз.


  • §§66-68 Аймакта болуу мыйзамына ылайык
  • сиздин баруу максатыңызга туура келген жана төлөө жөндөмдүүлүгү "далилделген"
  • актуалдуу (арыз берүү учурунда алты айдан эски болбогон)

ошондой эле, 

Германиянын ден соолукту камсыздандыруу полиси, же саякаттоочунун медициналык камсыздандыруусу.


жана

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.



Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Das offizielle Onlineportal für qualifizierte Arbeitskräfte, Studierende und Wissenschaftlerinnen und Wissenschaftler, die in Deutschland leben und arbeiten möchten.

Alles auf einen Blick: Arbeit, Ausbildung und Studium in Deutschland

Беттин башында