Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Академиялык билими бар квалификациялуу адистер үчүн виза (§18b  Аймакта болуу мыйзамы) 

Артикль

Жалпы маалымат 


Германияда таанылган академиялык билими бар квалификациялуу адис катары, сиз каалаган квалификациялуу жумушка орношуу үчүн,  Германияда жашоого уруксат ала аласыз.

  • Эгерде университетте окуу учурунда же квалификациялуу кесиптик окууда алынган көндүмдөрдү, билимдерди жана жөндөмдөрдү талап кылса, анда бул квалификациялуу жумуш деп эсептелинет.

Арыз тапшыруу

Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине котормосу менен, бардык түп нускалары жана котормолору - бир нускада берилиши керек.

Визага алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)


Жумушка орношуу тууралуу далил

  • Айлык маянасы жана иштей турган сааттары көрсөтүлгөн, кол коюлган эмгек келишими

  • Иш берүүчү тарабынан толтурулган жана кол коюлган : "Эмгектик мамилелер жөнүндө декларация" (Erklärung zum Beschäftigungsverhältnis)

же болбосо

  • Vorabzustimmung (VAZ) der zuständigen Ausländerbehörde oder der Bundesagentur für Arbeit (Kopie/Ausdruck ist ausreichend)
  • Федералдык ишке орноштуруу агенттигинен (VAZ) же жооптуу иммиграция органынан алдын ала уруксаты (көчүрмө жетиштүү)

  • Жогорку окуу жайдын диплому (тиркемеси менен) түп нуска жана бир көчүрмө 

Билимди таанылышын тастыктоо: 

  • Диплом жана университет тууралуу "Анабин" маалымат базасынан көчүрмө

же, эгерде "Анабин" маалымат базасында диплом "дал келет", "эквиваленттүү" жана/же университет "H+" деп көрсөтүлбөсө,

анда

же, кесиби боюнча иш жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынган жөнгө салынуучу кесиптер үчүн, мисалы, дарыгерлер, инженерлер; толук тизмеси иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттикте же ЕБ Комиссиясында жайгаштырыдгын 

  • анда ыйгарым укуктуу органдын кесиптик иш жүргүзүүгө уруксаты же профессионалдык иш жүргүзүүгө уруксаттын кепилдиги керек, түп нускада жана бир көчүрмө

Билимди таануу темасы боюнча көбүрөөк маалыматты бул жерден табасыз: Германияда билимди таануу

​​​​​​​Жашы боюнча тиешелүү социалдык камсыздоонун бар экендигин тастыктоо:

Эгерде сиз Аймакта болуу мыйзамдын §§ 18a же 18b пункттарына ылайык жашоого уруксат алуу үчүн биринчи жолу кайрылып жатсаңыз жана сиздин дүң эмгек акыңыз (чегерүүлөргө чейин) жылдык жалпы пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чегинен кеминде 55% түзбөсө гана талап кылынат. (2024: айына € 4 152,50 / жылына € 49 830).

ошондой эле

Германиянын ден соолукту камсыздандыруу полиси, же саякаттоочунун медициналык камсыздандыруусу.


жана

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.




Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Беттин башында