Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

ЕБ Көк Карта (BlaueKarte EU, Резиденттик Мыйзам §18b) 

07.12.2023 - Артикль

Жалпы маалымат

Резиденттик мыйзамдын 18g бөлүмүнө ылайык ЕБ көк картасы квалификациясына ылайыктуу жумушта иштөөгө тийиш болгон квалификациялуу жумушчуларга жана IT-адистерине белгиленген минималдуу маяна менен ишке ашырылат.

Буга төмөнкүлөр кирет:

  • Жылына айлыгы 43,800 € ашык же айына 3,650 € ашкан айлык алган квалификациялуу адистер. Бул кызматкерлер, эквивалент катары таанылган же жогорку билим берүү программасын аяктагандыгын тастыкташы абзел.
  • Жылына айлыгы € 39,682,80 же айына 3,306,90 € ашкан айлык алган квалификациялуу адистер, алар мансапты баштоочу катары визага арыз бергенге чейин үч жылдан эски болбогон эквиваленттүү университет даражасына же жогорку билимге ээ болушу абзел.
  • Жылына айлыгы 39,682,80 €, же айына 3,306,90 € ашкан айлык алган, эквиваленттүү деп таанылган университеттик билимге ээ болгон жана жетишсиз кесипке ээ болгон квалификациялуу адистер, мисалы, табият таануучу илимпоз, математик, инженер, дарыгер, ITадиси же топ-менеджерлер. Буга кирген кесиптердин тизмесин бул жерден таба аласыз.
  • Жылына айлыгы 39,682,80 € , же айына 3,306,90 €  ашкан  айлык алган адистер жана менеджерлер, виза алуу үчүн арыз бергенге чейин акыркы жети жылдын ичинде, маалымат жана коммуникация технологиялары тармагында үч жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар болушу абзел.

ЕБ көк картасын берүү үчүн конкреттүү жумуш сунушу кеминде алты ай иштөө мөөнөтүн камсыз кылууну талап кылат.


Арыз тапшыруу 

Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине котормосу менен, бардык түп нускалары жана котормолору - эки нускада берилиши керек.


Визага алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Жумушка орношуу тууралуу далил

  • Айлык маянасы жана иштей турган сааттары көрсөтүлгөн, кол коюлган эмгек келишими

  • Иш берүүчү тарабынан толтурулган жана кол коюлган : "Эмгектик мамилелер жөнүндө декларация" (Erklärung zum Beschäftigungsverhältnis)

же

  • Жооптуу иммиграция органынан же Федералдык ишке орноштуруу агенттигинен алдын ала уруксаты (VAZ)

  • Жогорку оку-жайдын диплому (тиркемеси менен) түп нуска жана бир көчүрмө (IT адистери үчүн: бар болгон учурда гана)

Билимди таанылышын тастыктоо: 

  • Диплом жана университет тууралуу "Анабин" маалымат базасынан көчүрмө

же, эгерде "Анабин" маалымат базасында диплом "дал келет", "эквиваленттүү" жана/же университет "H+" деп көрсөтүлбөсө,

анда

же, кесиби боюнча иш жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынган жөнгө салынуучу кесиптер үчүн, мисалы, дарыгерлер, инженерлер; толук тизмеси иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттикте же ЕБ Комиссиясында жайгаштырыдгын 

  • анда ыйгарым укуктуу органдын кесиптик иш жүргүзүүгө уруксаты же профессионалдык иш жүргүзүүгө уруксаттын кепилдиги керек, түп нускада жана бир көчүрмө

Билимди таануу темасы боюнча көбүрөөк маалыматты бул жерден табасыз: Германияда билимди таануу

IT-адистери үчүн акыркы 7 жыл ичинде IT тармагында 3 жылдык кесиптик тажрыйбасынын далили талап кылынат

ошондой эле

Германиянын ден соолукту камсыздандыруу полиси, же саякаттоочунун медициналык камсыздандыруусу.


жана

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.




Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Беттин башында