Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Жумуш орун жарыясы

Recherche d'emploi

Recherche d'emploi, © www.colourbox.com

08.07.2024 - Артикль

Бишкектеги Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигине 2025 жылынын Үчтүн айынын ортосунан/аягынан баштап адегенде бир жылга, узартуу мүмкүнчүлүгү менен тил-котормо кызматы (50%) жана саясат бөлүмү (50%) үчүн бир кызматкер


Жумасына 40 саат иш убактысы менен толук убакыт кызмат орду болуп саналат.


Иш милдеттери:

  • Орус жана кыргыз тилдеринен немис же башка тилдерге жазуу жүзүндөгү котормолорду даярдоо  
  • Элчиликтин жетекчилигин саясый жолугушууларда коштоп жүрүү
  • Коомдук иш-чараларда, кабыл алуучу өлкөнүн саясатчылары жана кабыл алуучу өлкө менен өзгөчө жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдө немис-орус/кыргыз тилдерин которуу (синхрондуу жана ырааттуу)
  • Катчынын орус/кыргыз тилдеринде протоколдук жумушун алып баруу

  • Германиядан келген делегацияларды сүйлөшүүлөрдө жана иш-чараларга коштоп жүрүү

Төмөнкү квалификация жана тажрыйба талап кылынат:

  • Жогорку билим (артыкчылык болуп котормо же колдонмо лингвистика боюнча университет диплому же магистр даражасы эсептелинет)

  • Ырааттуу, сүйлөшүү жана синхрондук котормочулук чеберчилиги (немис, орус жана кыргыз тилдеринде)

  • Кыргыз, орус жана немис тилдерин оозеки жана жазуу түрүндө жогорку денгээлде билүү

  • Кыргызстандын жана Германиянын саясий, экономикалык жана маданий абалын жакшы билүү
  • Командада иштей билген, ишенимдүүлүк, купуяны сактай билген, уюштуруучулук жөндөмү бар жана чыдамкайлуу

  • Жумуш убактысынан тышкары иштөөгө даяр болгон
  • Текст менен иштөө программаларын жакшы билүү

Артыкчылык катары эсептелген квалификациялар:

  • Котормочу катары тиешелүү кесиптик тажрыйба
  • Англис тилин жакшы билүү

Арызыңызды төмөнкү документтер менен 2024 жылдын Жетинин аыйынын 30на чейин info@bisc.diplo.de  дарегине электрондук кат менен гана жөнөтүңүз (PDF форматында тиркеме түрүндө гана, жүктөө шилтемеси кабыл алынбайт!):

  • Кыргыз жана немис тилдеринде арыз жана мотивация каттары
  • Таблица түрүндө түзүлгөн, кыргыз жана немис тиленде жазылган резюме
  • Жалпы жарандык паспорттун же ID-картанын көчүрмөсү
  • Квалификацияны тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (окуу жай  аттестаттары, эмгек китепчелер, рекомендациялык каттар жана немис тили боюнча дипломдор)

Сураныч, арызыңыздын жалпы көлөмү 3 МБ ашпагандыгын эске алыңыз. Толук болгон арыздар гана каралат. Арызыңыздын кабыл алынгандыгы тууралуу ырастамалар жөнөтүлбөйт.


Эскерте кетебиз, сынак тандоосунан ийгиликтүү өткөн учурда, коопсуздук себептеринен медициналык текшерүү жана арызсыз жеке маалыматты текшерүү жумушка кабыл алуунун шарты болуп саналат. Кыргызстанда жашоого жана иштөөгө уруксат берүүчү документ талап кылынышы мүмкүн (чет өлкөнүк жарандарга).


Тандоодо, кыска тизмеге киргизилген талапкерлер адегенде жазуу жүзүндөгү жөндөмдүүлүк сынагына чакырылат жана 2024-жылдын 50-календардык жумасында (2024-жылдын Бештин айынын 09-15) катышканга даяр болушу керек. Жөндөмдүүлүк сынагынан ийгиликтүү өткөн талапкерлен менен жеке маектешүү өткөрүлөт, анын датасы жөндөмдүүлүк сынагынан кийин белгиленет (болжол менен 3-календарлык жума, 2025-жылдын Үчтүн айынын 13-19). Тилекке каршы, тандоо процессине байланыштуу жол кире чыгымдарын төлөп берүү мүмкүн эмес. 


Маалыматтарды коргоо боюнча тиркелген эскертүүгө көңүл буруңуз.


Кошумча маалымат

Беттин башында