Табылган издөө жыйынтыктарынын саны:Ылайыктуу ачкыч сөздөр табылган жок. Сураныч, толук издөө сөзүңүздү киргизиңиз.
Навигация
Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз
Виза жана консулдук укук маселелери
Сиздин арызыңыз четке кагылдыбы?
Бул жерден сиз виза брерүүдөн баш тартууну алган учурда кандай иш-аракеттерди кылуу керектиги жөнүндө маалымат таба аласыз. Апелляцияны тапшырганда төмөнкүлөргө көңүл буруңуз.
Паспортуңуз керек болсо, биз сиз менен байланышабыз. Паспортуңузду элчилик талап кылбаса, жөнөтпөңүз.
Мөөнөттөр
Эгерде сиздин арызыңыз четке кагылса, сиз аны алган күндөн тартып бир айдын ичинде элчиликке апелляция тапшыра аласыз же укуктук коргоо чаралары боюнча маалыматта көрсөтүлгөн сотко доо менен кайрылсаңыз болот.
Формасы
Апелляция жазуу жүзүндө жеке арыз ээси тарабынан же ишеним кат болгондо ишенимдүү жак тарабынан берилүүгө тийиш. Эки учурда да тең арыз ээси катка өзү кол коюшу керек. Сураныч, немис тилинде болсо дагы, апелляцияга кадимки кол тамгаңызды коюңуз (паспортуңуздагыдай).
Апелляция төмөнкү жолдор менен гана берилиши мүмкүн:
- почта же факс аркылуу кол коюлган кат, - электрондук катка тиркелген, кол коюлган жана сканерленген документ.
Тил
Апелляция немис тилинде түзүлүшү керек же немис тилине котормосу менен коштолушу керек; Шенген визасы берилбесе, англис тилине котормо жетиштүү. Тиркелген документтер немис тилине да которулушу керек.
Маалыматтар
Апелляцияда сиз эмне үчүн сизге виза берүүнү туура деп эсептеп жатканыңызды дагы бир жолу түшүндүрө аласыз.
Катыңызда төмөнкү маалыматтарды чагылдырууңузду суранабыз:
фамилияңыз, атыңыз, туулган дата, туулган жер, чет элдик паспорттуңуздун номери
четке кагуу датасы
кат жеткириле турган дарек (көчө, үйдүн жана батирдин номери, шаар/айыл/калктуу конуш, облус, район, почта индекси)
телефон номериңиз (стационардык жана мобилдик) жана электрондук почтаңыздын дареги
Апелляцияда сиздин сапарыңыздын максаттарынын деталдуу түшүндүрмөсү камтылууга тийиш, ал жерге баруу сиз үчүн эмне үчүн маанилүү жана эмне үчүн баш тартууну негизсиз деп эсептейсиз. Сиз арызыңызды тапшырган учурда болбогон аргументтериңизди тастыктоо үчүн кошумча далилдерди келтире аласыз. Бир эле документтерди кайра жөнөтүүдөн алыс болуңуз.
Кол коюу
Апелляцияга өзүңүз кол коюшуңуз керек, же эгерде сиз апелляцияны өзүңүз тапшырбасаңыз, анда сиз кол койгон ишеним катты көрсөтүшүңүз керек.
Тапшыруу тартиби
Элчилик сиздин арыз-анкетаңызды кайра карап чыгат. Эгерде элчилик виза берүү боюнча оң чечим чыгарса, телефон аркылуу сизге кабарлап, чет элдик паспортту көрсөтүүнү, зарыл болсо, сапардын жаңы күндөрүн айтууну жана актуалдуу даталарга медициналык камсыздандырууну сатып алууну суранат.
Эгерде апелляциялык жол-жобо баш тартуу негиздүү экендигин көрсөтсө, баш тартуунун себептери апелляциялык чечимде кайрадан деталдуу түрдө көрсөтүлөт.
Маанилүү маалымат
Элчилик сиздин кызыкчылыгыңызды апелляциянын жол-жобосу үчүн адвокаттардын же башка адамдардын кызматтарынан пайдалана ала алаарыңызды бурат, бирок бул милдеттүү талап эмес. Эгерде апелляцияны сиздин ордуңузга үчүнчү жак берип жатса, анын атына ишеним кат беришиңиз керек. Немис адвокаттарына берилбеген ишеним каттарда сиздин колуңуз расмий түрдө күбөлөндүрүлүшү керек. Апелляцияга ишеним кат тиркелүүгө тийиш.
Же болбосо, сиз Берлиндеги Административдик сотко түздөн-түз баш тартууга каршы доо менен кайрыла аласыз. Баш тартууну алгандан кийин бир айдын ичинде дагы апелляциялык чечимге каршы Берлиндеги Административдик сотко доо менен кайрылууга болот. Эгерде доо Административдик сот тарабынан четке кагылса, доогер бардык соттук чыгымдарды көтөрөт (§ 154 1-пункт, Администрациялык Соттор жөнүндө жобо).
Мыйзам Шенген визасын берүүнү талап кылуу укугун караштырбайт (Чет элдиктердин ГФРде болушу жөнүндө мыйзамдын § 6).
Баш тарткан учурда виза төлөмү кайтарылбайт. Кабыл алынган чечимге карабастан административдик иштер жана документтерди тариздөө үчүн акы алынат.
Жыйынтыктап айтканда, Германиянын Бишкектеги элчилиги дагы бир жолу сиздин көңүлүңүздү визалык арыздар жана/же баш тартуунун себептери боюнча маалыматты үчүнчү жактарга берүү мүмкүн эместигине бурат. Документтерди карап чыгуунун жүрүшүндө алынган өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтар катуу жашыруун болуп саналат. Визалык кайрылууга байланыштуу маалыматты арыз берүүчү өзү же ишенимдүү өкүл гана ала алат. Карап чыгуу статусу боюнча суроо-талаптар да каралбайт. Элчилик буга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.