Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз
Ош шаарында виза борборунун ачылышы
TLScontact © TLS
2026-жылдын 1-апрелинде Ош шаарында TLSContact виза борбору ачылат.
2026-жылдын 16-март, дүйшөмбү күнүнөн баштап, TLSContact аркылуу арыз берүүгө жазылууга болот. Веб-сайтта байланыш маалыматтары, иштөө сааттары жана борборго жетүү жөнүндө бардык маалыматтар жайгаштырылган.
TLSContact аркылуу кайсы виза категорияларына арыз берүүгө боло тургандыгы жөнүндө толук маалыматты визага арыз берүү үчүн жазылуу баракчасынан таба аласыз
Германия элчилиги башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматташпайт. Ортомчу жана туристтик агенттиктеринин сунуштары TLScontact же Германия элчилиги тарабынан сунушталган кызматтарга тийешеси жок.
Мындан тышкары, TLScontact кызмат көрсөтүүчүсү арыздарды кабыл алуу үчүн гана жооптуу жана виза процедурасында кабыл алынган чечимге эч кандай таасир этпейт.
Жаңы кызмат көрсөтүүчү кайсы категорияларды кабыл ала тургандыгы тууралуу маалыматты бул жерден тапса болот.