Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Квалификациялуу адистер үчүн жумуш издөө визасы (§20-Аймакта болуу мыйзамы)

07.12.2023 - Артикль

Жалпы маалымат

Жумуш издөө визасы:

-Германияда таанылган кесиптик же жогорку билими бар;

-кызыккан чет элдик квалификациялуу адистерге;

-алардын квалификациясы ишке ашыра ала турган жумуш табуу үчүн;

-Германияга эң көп дегенде алты айга келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эгерде сиз алты айдын ичинде жумуш берүүчүнү тапсаңыз, анда сиз өлкөдөн кайра чыгуунун кажети жок, бирок сиз Германиядагы иммиграция органына, талап кылынган жашоого уруксат алуу үчүн кайрылышыңыз абзел.

Жумуш издөө маалында иштегенге уруксаат берилбейт. Жумасына 10 саатка чейин гана сынак жумушу катары ишетесеңиз болот.

Арыз тапшыруу

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Жумуш издөө үчүн

Жогорку оку-жайдын же кесиптик билим диплому (тиркемеси менен)

Кесиптик билими бар квалификациялуу адистер үчүн: 

  • Чет өлкөлүк кесиптик билимди таануу жөнүндө билдирүү: Германияда кесиптик таануу үчүн жооптуу органдын таануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсү.

Академиялык билими бар квалификациялуу адистер үчүн:

  • Диплом жана университет тууралуу "Анабин" маалымат базасынан көчүрмө

же, эгерде "Анабин" маалымат базасында диплом "дал келет", "эквиваленттүү" жана/же университет "H+" деп көрсөтүлбөсө, анда:

  • Чет элдик билим берүү боюнча борбордук агенттик (ZAB (Zentralstelle für ausländisches Bildungswesen)) тарабынан дипломду баалоо күбөлүгү 

же, кесиби боюнча иш жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынган жөнгө салынуучу кесиптер үчүн, мисалы, дарыгерлер, инженерлер; толук тизмеси иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттикте же ЕБ Комиссиясында жайгаштырыдгын 

  • анда ыйгарым укуктуу органдын кесиптик иш жүргүзүүгө уруксаты же профессионалдык иш жүргүзүүгө уруксаттын кепилдиги керек, түп нускада жана бир көчүрмө

Билимди таануу темасы боюнча көбүрөөк маалыматты бул жерден табасыз: Германияда билимди таануу

Сиз кайсы жумуш чөйрөсүнө жана кызмат орундарына кызыгып жатканыңыз, кайда кайрылгыңыз келгени жана кайсы турак жайды колдоно турганыңыз тууралуу болушу керек.

Таанылган кесиптик билими бар квалификациялуу адистер үчүн:
B1 деңгээлинде немис тилин билүүнүн далили,  таанылган, ALTE сертификаты бар тил дипломун негизинде (мисалы, Goethe-Institut, TELC GmbH, ÖSD, TestDaF, DSD тил диплому); 2 жаштан эски эмес


Мурунку профессионалдык карьераңыз тууралуу таблица түрүндө 

Каржылоону тастыктоо:

айына кеминде € 1027 

Пландаштырылган Германияда болуу мезгилине жогоруда көрсөтүлгөн айлык сумма менен немис банкында бөгөттөлгөн эсепти ачуунун далили.

Визага кайрылууда төлөнгөн жалпы сумманы жана жеткиликтүү болгон айлык сумманы көрсөтүү менен эсеп ачуунун расмий ырастоосу гана кабыл алынат. Бул суммалар көрсөтүлбөсө, анда бул ырастоо жетишсиз.​​​​​​​Сиз "бөгөттөлгөн эсеп" жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден таба аласыз.



Стипендия жана сертификат көрсөтүүменен ырасталат.

Стипендия жогоруда көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, айырмасы башка каржылоо жолдорунун бирин колдонуу менен далилдениши керек.

  • §§66-68 Аймакта болуу мыйзамына ылайык
  • сиздин баруу максатыңызга туура келген жана төлөө жөндөмдүүлүгү "далилделген"
  • актуалдуу (арыз берүү учурунда алты айдан эски болбогон)

ошондой эле,

Германиянын ден соолукту камсыздандыруу полиси, же саякаттоочунун медициналык камсыздандыруусу.


жана 

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.



Кошумча маалымат

Das offizielle Onlineportal für qualifizierte Arbeitskräfte, Studierende und Wissenschaftlerinnen und Wissenschaftler, die in Deutschland leben und arbeiten möchten.

Alles auf einen Blick: Arbeit, Ausbildung und Studium in Deutschland

Беттин башында