Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Чет өлкөдө төрөлгөн балдардын туулгандыгы тууралуу билдирүү

Артикль

Эгер бала Кыргызстанда төрөлсө, жана атасы же энеси Германиянын жараны болсо, ата-энелер элчиликке балага немис (балдар) паспортун алуу үчүн көп кайрылышат.

Бирок паспорт берилгенге чейин, көпчүлүк учурларда, адегенде баланын аты Германияда укуктук аймак аныкталышы керек.

Германиянын идентификациялык документин берүүдөн мурун, ата-теги же Германиянын жарандыгын алуусу такталышы керек.

Бул үчүн туулгандыгы жөнүндө кийинки күбөлөндүрүү үчүн арыз талап кылынышы мүмкүн.

Бул күбөлөндүрүү аркылуу, мисалы, баланын аты-жөнү жана ата-теги, ошондой эле Германиянын укуктук чөйрөсү үчүн, эч кандай шек шок экендиги такталат. Кошумчалай кетсек, балага Германиянын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилиши мүмкүн.Бала немис жарандыгын, адатта, ата-энесинин бири немис жараны болгон үчүн алат. Туулгандыгы тууралуу кийинки күбөлөндүрү бул үчүн милдеттүү шарт эмес.  Атасы гана Германиянын жараны болсо, никеде турбаган жубайлар үчүн, Германиянын мыйзамдарына ылайык аталыкты таануу талап кылынат. Туулгандыгын күбөлөндүрүү үчүн арыз элчилик тарабынан кабыл алынат жана Германиядагы жооптуу ЗАГСка жөнөтүлөт. Бардык документтер түп нускада көрсөтүлүшү керек; Кыргыз документтери легалдаштырылышы керек (зарыл болгон учурда жана кошумча күбөлүктөр бар болсон, легалдаштырууга арызды кошо ьапшырса болот). Бардык кыргыз тилиндеги документтер ISO9 стандартына ылайык немис тилине котормосу менен тапшырылышы керек. Арызды карап чыгуу бир нече айга чейин созулушу мүмкүн. Арыз берүү милдеттүү эмес. Бирок, жогоруда айтылган себептерден улам сунушталат. Аты-жөнү, адатта, бир аз убакыт өткөндөн кийин тастыкталат. Андан кийин балага Германиянын паспорту да берилиши мүмкүн.

Форма жана кошумча маалыматтар

Эгерде чет өлкөдө төрөлгөн баланын ата-энеси 1999-жылдын 31-декабрынан кийин чет өлкөдө төрөлгөн жана бала төрөлгөндө адаттагыдай жашаган жери чет өлкөдө болгон болсо жана алар төрөлүү аркылуу чет элдик жарандыгын алышса, бала Германиянын жарандыгын ала албайт.

Ата-эне баланын туулгандыгын реестрде күбөлөндүрүү үчүн Германиядагы тиешелүү ЗАГС органына же Германиянын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө бала төрөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде арыз берген учурда гана бала Германиянын жарандыгын ретроактивдүү түрдө Германиянын жарандыгын алат. 


Мисалы:

"А" мырза 1999-жылы анын компаниясы тарабынан Испанияга которулган. Кызы Клара 2000-жылы 1-февралда ошол жерде төрөлгөн. Үй-бүлө бир нече жылдан кийин Германияга кайтып келет.  2018-жылы Клара АКШнын жараны менен таанышкан жана АКШга көчүп барган .  Анын уулу 2020-жылдын 1-январында ошол жерде төрөлгөн. Апасы немис болсо да, ал тубаса Германиянын жарандыгын албайт, анткени ал АКШда төрөлгөндө эле АКШнын жарандыгын алган.

Бала Германиянын жарандыгын алуу үчүн Клара же баланын атасы Германиядагы тиешелүү ЗАГСка же Германиянын чет өлкөдөгү тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрүү үчүн арыз бериши керек.Эгерде арыз өз убагында жана толук берилсе, балага суроо-талабы боюнча Германиянын паспортун берсе болот.

Эскертүү: Чет өлкөдө төрөлгөн жана чет өлкөдө балалуу болгон бардык немис жарандарына (экспатрондор жана эмигранттар) чет өлкөдө болуу себебине жана узактыгына карабастан, бул жобо таасир эте алат.



Eine grenzüberschreitende Kindesentziehung liegt vor, wenn ein Elternteil ohne Einverständnis des (ebenfalls) sorgeberechtigten anderen Elternteils die gemeinsamen Kinder ins Ausland entführt oder…

Kindesentziehung

Беттин башында