Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Шенген визасы: жалпы маалымат

Артикль

Сиз шенген аймагында алты айдын ичинде 90 күндөн аз убакыт болгуңуз келет  жана ал жакта иштөөнү пландаган жоксуз ? Бул учурда, сиз шенген визасын алышыңыз керек. Сураныч, арыз берүүдө төмөнкү маалыматты эске алыңыз:

Германиянын Бишкектеги элчилигинде кимдер виза ала алат?

Шенген визасын алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө жашаган жарандар кайрыла алышат. Ыйгарым укуктуу элчиликтин виза бөлүмүндө узак мөөнөт жана узак күтүү ыйгарым укуксуз өкүлчүлүккө кайрылуу үчүн негиз боло албайт. Кыргыз Республикасынын жарандыгы Германиянын Бишкектеги элчилигинде виза алууга дайыма эле укук бере бербестигине көңүл бурууңуздарды суранабыз.

Шенген визасы кайсы өлкөлөргө берилет?

Эреже катары, берилген шенген виза баардык шенген өлкөлөрү үчүн жарактуу.

Кантип жана качан арызды тапшырсам болот?

2018-жылдын Бугу айынан бери Германиянын элчилиги тышкы сервистик компания менен кызматташып келет. Шенген визасын алуу үчүн арыздар Visametric аркылуу тапшырылышы  мүмкүн. Арыз тапшыргана убакыт түздөн-түз Visametric аркылуу уюштурулат. 

Алгачкы виза алуу үчүн кайрылууда арыз ээси манжа издерин тапшырышы керек. Ошондуктан, арыз ээсинин жеке катышуусу милдеттүү шарт болуп саналат. Эгерде сиз акыркы 5 жылдын ичинде шенген макулдашуусунун мамлекеттеринин чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнүн биринде шенген визасын алуу үчүн манжа издериңизди тапшырган болсоңуз, анда жеке катышуу милдеттүү эмес. Мындай учурда арыз жазуу жүзүндөгү ишеним кат жана ишенимдүү адамдын инсандык күбөлүк катынын көчүрмөсү болгон учурда ишенимдүү адам тарабынан берилиши мүмкүн. Айрым учурларда арыз ээсинин жеке катышуусу дагы деле милдеттүү болушу мүмкүн.

Бардык документтер арыз ээси же ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилиши керек. Документтерди почта, факс же электрондук почта аркылуу түздөн-түз элчиликке жөнөтүүдөн алыс болуңуз, аларды сорттоо жүргүзүлбөйт.

Кайсы документтерди тапшыруу керек?

Биздин сайттан сиз саякаттын эң кеңири таралган максаттары үчүн толук маалыматты жана нускамаларды таба аласыз. Эреже катары, ал жерде көрсөтүлгөн документтерди тапшыруу жетиштүү. 

Эгерде айрым учурларда сапардын максаты, кайтып келүүгө даярдык жана/же каржылоо боюнча суроолор жаралса, биз кошумча документтерди (нускамаларда көрсөтүлбөгөн) сураганга же сизди виза бөлүмүнө кошумча маектешүүгө чакырганга аргасыз болобуз. Сапардын максаты, кайтып келүүгө даярдык жана/же ошол жерде жүрүүнү каржылоо боюнча ишендирердик эмес жана/же толук эмес маалыматтар визаны берүүдөн баш тартууга алып келиши мүмкүн. Жасалма документтерди/маалымкаттарды, ошондой эле туура эмес маалыматтарды тартуулоо виза берүүдөн баш тартууга алып келет жана Германияга (ошондой эле башка шенген макулдашуусунун мамлекеттерине) кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Сураныч, көңүл буруңуз: паспортто кеминде 2 бош барак болушу керек. Паспорттун биринчи жана акыркы бетине виза чапталбагандыгын эске алганда, аларды эсепке алууга болбойт.

Виза алуу үчүн арыз тапшырууда канча төлөшүм керек?

  • Шенген визасы үчүн төлөм - 90 еврону түзөт (ВКнын 16-беренесинин 1-пунктуна ылайык)
  • 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн - 45 евро (ВКнын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык)
  • 6 жашка чейинки балдар төлөмдөрдөн бошотулат
  • арыз берген күнү кыргыз сому менен төлөнөт

Элчилик бул арыз карап чыгуу үчүн төлөм экенин жана арыз четке кагылган учурда кайтарылып берилбей турганын белгилейт. Төлөмдүн суммасын учурдагы курска жараша виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.

Виза алуу үчүн арызды карап чыгуу канча убакытка созулат?

Виза алуу үчүн арызды карап чыгуу мөөнөтү адатта 15 күндү түзөт. Айрым учурларда карап чыгууга көбүрөөк убакыт кетиши мүмкүн. Элчилик белгилүү бир күнү виза берүүгө кепилдик бербейт жана визаны тариздөөнү кечиктирген же баш тарткан учурда эч кандай финансылык жоопкерчилик тартпайт.

Сиздин виза алуу үчүн арызыңыз боюнча ким чечим кабыл алат?

Элчиликтин терезечесинен документтерди кабыл алган кызматкерлер же Visametric кызматкерлери сиз виза аласызбы же албайсызбы, чечим кабыл алышпайт. Сиздин виза алуу үчүн арызыңыз боюнча чечимди Германиянын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери гана кабыл алышат.

Виза алгандан кийин!

Сураныч, виза алгандан кийин дароо визадагы маалыматтарды текшериңиз. Визанын жарактуулук мөөнөтү, болуу күндөрдүн саны жана кирүү саны туурабы? Визадагы толук эмес жана/же туура эмес маалыматтардан улам сапарыңыз кечигип калса, Элчилик жооп бербейт.

Чек ара көзөмөл постторунда тийиштүү негиздерди далилдөөдө, жарактуу виза болгонуна карабастан, шенген макулдашуусунун мамлекетине киргизүүгө сизге уруксат берилбеши мүмкүн экенин эске алыңыз. Өлкөгө кирип жаткан учурда, сапардын максатына (мисалы, чакыруунун же милдеттенменин түп нускасында), каржылоого жана болууга (мисалы, милдеттенме, накталай акча, насыя картасы) тийиштүү документтер, ошондой эле кирүү талаптарын дагы бир жолу текшерүү үчүн медициналык камсыздандыруу болушу керек.

Германиянын Бишкектеги элчилиги кайсы шенген өлкөлөрүнө виза берет?

Германиянын Бишкектеги элчилиги шенген макулдашуусунун төмөнкү мамлекеттер-катышуучулары үчүн 180 күндүн ичинде 90 күн жүрүү үчүн виза берет: 

  • Бельгия
  • Люксембург
  • Норвения
  • Португалия

 

Сапардын максаты жөнүндө маалымат

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун,  „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Иш жана расмий сапар үчүн шенген визасы

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун, „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Туугандарына, досторуна же тааныштарына конокко баруу үчүн шенген визасы

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун, „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Туристтик саякаттарга шенген визасы

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун, „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Дарылануу үчүн шенген визасы

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун, „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн шенген визасы

Чет элдик студенттер Германияда семестр ортосундагы расмий каникул учурунда иштей алышат. Бул иш шенген визасы менен мүмкүн жана жумуш деп эсептелбейт. Расмий каникул күндөрүндө иштөө 90 күндөн ашпашы…

Жогорку окуу жайларынын студенттерине каникул учурунда эмгек визасы

Жалпы жоболор Арызыңызды тапшыраардан мурун,  „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“ баракчасын окуп чыгыңыз. Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө…

Спорттук/маданий иш-чараларга же көргөзмөлөргө катышуу үчүн шенген визасы

Беттин башында