Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Кесиптик билим алуу жана өнөр-жайда квалификацияны жогорулатуу үчүн виза (§16a Аймакта болуу мыйзамы)

Артикль

Кесиптик билим берүү мыйзамына, Кол өнөрчүлүк кодексине, ошондой эле Германиядагы кесиптик окуу жайда окуу курсуна ылайык кесиптик билим алуу үчүн Сиз, Аймакта болуу мыйзамдын §16a пунктуна ылайык визага кайрылсаңыз болот, §8, 1-пункт. Жумушка орношуу эрежелери менен бирге.

Кесиптик-техникалык окуу жайда, техникумда же университетте эки жылдан кем эмес окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр, Аймакта болуу мыйзамдын §16a пунктуна ылайык, §8, 1 Жумушка орношуу эрежелери пунктуна ылайык Германиядагы өнөр-жайда квалификацияны жогорулатуу үчүн үчүн виза ала алышат.

Визага алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек: 

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Пландаштырылган кесиптик билим алуу/квалификацияны жогорулатуу же өнөр-жайда стажировка өтүүнү ырастоо:

  • өзүңүз жазган
  • өзүңүз кол койгон 
  • Германия болууга байланыштуу күтүүлөрдү, каалаган кесиптик жана жеке пайдаларды жана келечектеги пландарды камтышы керек


  • мурунку окууңузду жана иштеген жериңизди баяндоо менен
  • үзгүлтүксүз

Кесиптик билим алуу же квалификациясын жогорулатуу боюнча (стажировка) келишими, иш берүүчү менен кызматкер тарабынан кол коюлган, немис тилинде түзүлгөн: анда кесиптик билим алуу же квалификациясын жогорулатуу жүргүзүлүп жаткан адистик, окуунун же квалификацияны жогорулатуунун башталышы жана узактыгы, жумалык жумуш убактысы ошондой эле, окуткан жери жана эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.

Кесиптик билим алуу/квалификацияны жогорулатуу (стажировка) планы

  • Окуу мөөнөтү эки жылдан кем эмес, мамлекет тарабынан таанылган же ушул сыяктуу жөнгө салынган кесип боюнча квалификациялуу кесиптик билим алуу үчүн: немис тили боюнча B1 сертификаты.

ЖЕ

  • Башка кесиптик билим алуу же кошумча билим алуу үчүн: немис тили боюнча A2 сертификаты.

ЖЕ 

  • иш берүүчүнүн ырастоосу: кесиптик билим алуу же квалификацияны жогорулатуу үчүн талап кылынган тил көндүмдөрү билим берүү мекемеси тарабынан текшерилди же немис тили боюнча даярдоо курсунан өтөт экендиги тууралуу.

ALTE сертификаты бар тил мектебинен алынган, таанылган тил сертификаттары (Goethe-Institut, ÖSD, telc, Test DaF, ECL). Тил сертификаты бир жылдан эски эмес болушу тийиш.

  • кесиптик билим алуу үчүн: мектепти бүтүргөндүгү тууралуу аттестат (минималдуу талап: 11-класс аттестаты) жана зарыл болгон учурда, мурунку кесиптик билимин, окуусун жана стажировкасын тастыктаган документ (кеминде 6 ай гана)
  • Андан ары билим алуу /окууну улантуу максатында практика өтүү үчүн: өнөр-жайда же проф. техникумда эки жылдан кем эмес кесиптик билимин, кесиптик билимин жогорулатууну (мисалы, орто мектепти аяктагандан кийин) же техникумда же университетте окууну тастыктаган документ.

  • Андан ары билим алуу /өнөр-жайда стажировка өтүү үчүн гана керек
  • же болбосо, Федералдык ишке орноштуруу агенттигинен алдын ала уруксаты (VAZ) - көчүрмө болот 

Каржылоону тастыктоо: 

Айына 927 евродон кем эмес сый акы менен кесиптик билим алуу келишими; Айлык аз болсо, айлык тартыштыгы башка жактан далилдениши керек.

Айына 964 евродон кем эмес сый акы менен андан ары окутуу жөнүндө келишими; Айлык аз болсо, айлык тартыштыгы башка жактан далилдениши керек.

Учурдагы минималдуу эмгек акынын мыйзамына ылайык практика келишими (2024: саатына €12,41)

ошондой эле

Германиянын ден соолукту камсыздандыруу полиси, же саякаттоочунун медициналык камсыздандыруусу.


жана

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.


Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Беттин башында