Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Германиянын жогорку окуу жайларында билим алуу

25.01.2022 - Артикль

Жалпы маалымат

Университетте же даярдоо мекемесинде (Studienkolleg) окууга (зарыл болсо, даярдоо курсу менен) кабыл алынган чет элдик студенттер Германияда окуу үчүн виза ала алышат.

  • Окууга кабыл алуу жөнүндө алдын ала кам көрүү сунушталат.
  • Окуу учурунда сиз студенттин толук эмес жумуш күнү аркылуу жашооңузду камсыз кыла аласыз.
  • Окууну аяктагандан кийин жумуш ордун табуу мүмкүнчүлүгү бар.

Виза алуу үчүн арыз берүү

Арызыңызды тапшыраардан мурун “Улуттук визалар үчүн визалык процедуралар жана документтер жөнүндө жалпы маалымат” менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине котормосу менен берилиши керек, бардык түп нускалары жана котормолору - ар бири эки көчүрмөсү менен.

Керектүү документтер:

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Мындан тышкары, университетте пландалган окууну ырастоо, мурунку билим жана Германияда окууга мотивация талап кылынат.

  • же  окууга тапшыргандыгы тууралуу тастыктама 
  • билим алуу кайсы тилде болору тургандыгы көрмөтүлүшү керек

  • акыркы алынган мектеп же университет билими (мисалы, орто мектептин аттестаты, бакалавр даражасы, диплом), жыйынтык бааларынын жетишүү табели менен.
  • Сиздин акыркы жумушусуңуздан,  же азыр иштеп жаткан болсоңуз, учурдагы иш берүүчүңүздөн маалымкат.

  • мурунку окууган жана иштеген жердин баяндалышы менен
  • үзгүлтүксүз

Эгер Германиядагы окууңуз англис тилинде жүргүзүлсө, автобиография англис тилинде жазылышы мүмкүн.

  • Өзүңүз жазган
  • Жеке өзүңүз кол коюлган
  • Төмөнкүлөрдү камтышы керек:
    • пландаштырылган калуу менен байланышкан күтүүлөр
    • каалаган кесиптик жана жеке пайдалары
    • келечектеги пландар

Германияда окуу англис тилинде жүргүзүлсө, мотивация каты англис тилинде жазылышы мүмкүн.

Кабыл алууда университет тарабынан тастыкталбаса: 

анда билим алуу үчүн талап кылынган тил билимин тастыктоо зарыл  (даярдоо тил курсу жок, эреже катары, В2 деңгээли). Мунун  таанылган тил сертификаттары (немецче: Goethe-Institut, TestDaf, DSH; Телк. Англисче: IELTS, Toefl) менен тастыктай аласыз


Тиешелүү тастыктоолор же далилдер

Акы төлөнүүчү окуунун биринчи жылы үчүн окуу акысы төлөнгөн же төлөнүшү мүмкүн экендигинин далили. Окуу мөөнөтү бир жылдан аз болсо, анда болуунун болжолдонгон мөөнөтүн каржылоонун далилин көрсөтүү жетиштүү.

Каржылоону тастыктоо::

Каржылоо төмөнкү жолдордун бири менен тастыкталышы мүмкүн (айлык чектөө €934 / жылдык сумма €11,208).

Пландаштырылган Германияда болуу мезгилине жогоруда көрсөтүлгөн айлык сумма менен немис банкында бөгөттөлгөн эсепти ачуунун далили.

Визага кайрылууда төлөнгөн жалпы сумманы жана жеткиликтүү болгон айлык сумманы көрсөтүү менен эсеп ачуунун расмий ырастоосу гана кабыл алынат. Бул суммалар көрсөтүлбөсө, анда бул ырастоо жетишсиз.​​​​​​​Сиз "бөгөттөлгөн эсеп" жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден таба аласыз.



Стипендия жана сертификат көрсөтүүменен ырасталат.

Стипендия жогоруда көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, айырмасы башка каржылоо жолдорунун бирин колдонуу менен далилдениши керек.

  • §§66-68 Аймакта болуу мыйзамына ылайык
  • "окууга" калуу максатында
  • актуалдуу (арыз берүү учурунда алты айдан эски болбогон)
  • төлөө жөндөмдүүлүгү "далилденген"

Бирок, Аймакта болуу мыйзамдын 17(2)-беренесине ылайык, визага кайрылганда, Университеттен кабыл алуу каты жок талапкерлердин колунда айына €1,027 (жылына €12,324) болушу керек.

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.


Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Mit einem Sperrkonto können Sie im Visumsantragsverfahren ausreichend finanzielle Mittel nachweisen.

Einrichtung eines Sperrkontos

Информация о системе высшего образования и учебе в вузах Германии, в частности - о "Программах международных дипломов", допуске к обучению в Германии, стипендиальных программх DAAD, языковых тестах, летних курсах и жизни в Германии.

Германская служба академических обменов (DAAD)

Беттин башында