Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Германияда кесиптик билим алуу

Berufsausbildung

Berufsausbildung, © colourbox

Артикль

Жалпы маалымат

Ишканада окуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жашап турууга уруксат иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин макулдугу менен берилиши мүмкүн. Бул үчүн зарыл шарттар, башка нерселер менен катар, тиешелүү башталгыч билим, тил билүү жана окуу келишими болуп саналат.

Виза

Окуу максатында виза алуу үчүн негизги маалымат:  

  • Немис тилинен башка тилдерде берилген документтер немис тилине котормосу менен тапшырылышы керек. Паспорттун жеке маалыматты камтыган баракчасынан сырткары.
  • Күбөлүктөр, дипломдор жана башка документтер түп нускасында берилиши зарыл. Сиздин арызыңыз каралып чыккандан кийин документтер кайра кайтарылат.

  • Виза үчүн федералдык ишке орноштуруу агенттигинин макулдугу жана мүмкүн Германиянын чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча тиешелүү ведомствосунун макулдугу керек. Виза аталган ведомстволордун макулдугунан кийин гана берилиши мүмкүн.
  • Эреже катары, документтерди карап чыгуу мөөнөтү 3 жуманы түзөт, кээ бир учурларда көбүрөөк убакытты талап кылат.
  • Арыз тапшыруу учурунда билеттерди алдын ала алуу талап кылынбайт – билеттерди визаңызды алгандан кийин алыңыз.
  • Керектүү документтердин тизмесин бул жерден тапса болот Кесиптик билим алуу үчүн виза (Ausbildung) PDF / 566 KB
  • Элчилик кошумча документтерди талап кылууга укуктуу


Арыз тапшырууга жазылуу 

Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин алдын ала макулдугу менен кесиптик окууга арыздарды кабыл алуу Visametric тарабынан аутсорсингге алынган. Сиз Visametric менен түздөн-түз арыз тапшыруу үчүн байланышсаңыз болот, документиңиз толук болсо.

Бул университеттин багыты боюнча профессионалдык практика өтүүгө тиешеси жок экенин эске алыңыз. Мындай арыздар адаттагыдай эле "практика" деген белги менен элчиликке берилиши керек.

Арыз формасы жана керектүү документтер

Онлайн-формуляр (VIDEX) сиз жана биз үчүн маалыматтарды иштетүүнү жеңилдетет.

Биздин нускамада сиз визага кайрылуу үчүн зарыл болгон бардык документтердин тизмесин таба аласыз Кесиптик билим алуу үчүн виза (Ausbildung) PDF / 566 KB .


Другие контенты

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Беттин башында