Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Каникул учурунда иштөө үчүн шенген визасы

02.03.2023 - Артикль

Жалпы жоболор

Арызыңызды тапшыраардан мурун, „шенген визасын алуу боюнча жалпы нускама“баракчасын окуп чыгыңыз.

  • Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө тийиш;
  • Документтердин түп нускалары көчүрмөсү менен берилет.

Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

Кыргыз жараны болбогон талапкерлер үчүн

  • Камсыздандыруунун минималдуу суммасы: 30.000,- €
  • бүткүл Шенген аймагында жарактуу
  • бүткүл жүрүү мөөнөтүнө жарактуу
  • ооруп калганда же каза болгон учурда транспорттун ар кандай түрүнүн баасын, медициналык тез жардамдын жана/же ооруканадагы тез жардам наркын камтышы керек
  • камсыздандыруу шарттарында зарыл болгон чыгашаларды чектей турган же жокко чыгара турган эч кандай милдеттенмелер болбошу керек

Сапардын максатын жана каржылоосун ырастоо:

түп нускада гана - факс, pdf форматында же электрондук почта аркылуу макулдук кабыл алынбайт

арыз ээсинин кызматтык милдеттерин, кесибин, чегерүүлөрдү жана салыктарды кошпогондо эмгек акысын көрсөтүлүшү керек, ошондой эле иш  берүүчү тууралуу маалымат камтылышы зарыл, андан тышкары эмгек мамилелеринин узактыгы тууралуу маалымат камтылышы абзел -  түп нуска гана

каникулдун узактыгы жөнүндө маалымкат менен

жашоо минимумун камсыз кылууга жетиштүү (бир айга) акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлгөн банктык эсептин көчүрмөсү

ижара келишими же турак жай брондолгондугун далилдеген документ

нике, ажырашуу, өлүм, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү (эгер сиз Германиянын Бишкектеги элчилигинде акыркы 2 жылда виза алган болсоңуз талап кылынбайт)

кирүү жана чыгуу штамптары менен, бар болсо,

Башка шарттар:

Эскерте кетсек, элчилик айрым учурларда арызды кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди кошумча суроо укугун өзүнө калтырат. Жогорудагы документтерди тапшыруу визанын автоматтык түрдө берилишине алып келбейт.

Элчилик Кыргыз Республикасындагы туристтик фирмалар жана ортомчу агенттиктер менен кызматташпайт. Туристтик агенттиктик жардамы менен тапшыруу сиздин  виза алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртпайт! Сиздин арызыңыз боюнча чечим Германиядан келген консулдуктун кызматкерлери тарабынан гана кабыл алынат. Виза алуу боюнча ишенимдүү маалыматты элчиликтин виза бөлүмүнөн электрондук почта же телефон аркылуу бекер ала аласыз. Нускамаларды жана анкеталарды виза бөлүмүнөн же элчиликтин сайтынан акысыз алса болот.

Беттин башында