Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Дарылануу үчүн шенген визасы

01.03.2023 - Артикль

Жалпы жоболор

Арызыңызды тапшыраардан мурун, „Шенген визасы: жалпы маалымат“ баракчасын окуп чыгыңыз.

  • Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө тийиш;
  • Документтердин түп нускалары көчүрмөсү менен берилет.

Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

Кыргыз жараны болбогон талапкерлер үчүн

  • Камсыздандыруунун минималдуу суммасы: 30.000,- €
  • бүткүл Шенген аймагында жарактуу
  • бүткүл жүрүү мөөнөтүнө жарактуу
  • ооруп калганда же каза болгон учурда транспорттун ар кандай түрүнүн баасын, медициналык тез жардамдын жана/же ооруканадагы тез жардам наркын камтышы керек
  • камсыздандыруу шарттарында зарыл болгон чыгашаларды чектей турган же жокко чыгара турган эч кандай милдеттенмелер болбошу керек

  • Шенген визасы үчүн төлөм - 90 еврону түзөт (ВКнын 16-беренесинин 1-пунктуна ылайык)
  • 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн - 45 евро (ВКнын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык)
  • 6 жашка чейинки балдар төлөмдөрдөн бошотулат
  • арыз берген күнү кыргыз сому менен төлөнөт

Элчилик бул арыз карап чыгуу үчүн төлөм экенин жана арыз четке кагылган учурда кайтарылып берилбей турганын белгилейт. Төлөмдүн суммасын учурдагы курска жараша виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.

Сапардын максатын жана каржылоосун ырастоо:

Кыргызстанда зарыл болгон дарылануу мүмкүн эместиги тууралуу дарыгердин же медициналык мекеменин маалымкаты

- бейтаптын жана коштоп жүргөн адамдын маалыматтарын (аты-жөнү, туулган күнү) көрсөтүү менен

- дарылоонун узактыгын көрсөтүү менен 

- бар болсо, дарыгер менен дарылоону жүргүзө турган клиниканын ортосундагы кат алышуу

Кабыл алуучу оорукана же жеке адам тарабынан §§ 66, 68 AufenthG мыйзамына  ылайык чыгашаларды кабыл алгандыгын ырастоо

ошондой эле, кабыл алуучу клиникадан, дарыланууга кете турган чыгымдардын болжолдуу сметасы

Кесиптик, экономикалык абалы жана Кыргызстанда үй-бүлө бар экендиги тууралуу документтер

  • нике, ажырашуу, өлгөндүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр
  • жубайынын жарандык паспорту, жеке маалыматтарды камтыган барактын көчүрмөсү менен 

Мэнчик ээлери үчүн

Жумуштан маалымдама кат

  • кызматкердин ишканадагы иш стажын көрсөтүү менен
  • акыркы 3 ай үчүн эмгек акысын көрсөтүү менен
  • иш берүүчү мекеменин толук жана актуалдуу байланыш маалыматтары менен

Ишкананын каттоодон өткөндүгүн тастыктоо

  • күбөлүк/каттоо/патент
  • устав жана уюштуруу документтери 

Мектептин/ЖОЖдун мөөрү басылган расмий бланктагы, окуу жайынан окуудан бошотулгандыгы тууралуу маалымкат

Пенсиялык китепче

Жашы жете элек балдар үчүн

  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

эки мыйзамдуу өкүл тарабынан кол коюлган

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк

  • Эгерде ата-энелердин бири ата-энелик укуктарынан ажыратылса, анда ал жөнүндө соттун чечими
  • Ата-энесинин бири каза болсо, анда өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк

  • ата-энесинин/камкорчуларынын жана баланын так маалыматтарын көрсөтүү (аты, фамилиясы, туулган күнү)
  • ата-энелер/камкорчулар баласына Германияга жана башка Шенген мамлекеттерине чектелген убакытка саякаттоого уруксат бериши
  • баланы асырап алууга же анын визасын узартууга жол берилбейт
  • бала жалгыз же башка адамдын коштоосунда барат (аты-жөнүн көрсөтүңүз). Эгерде коштоп жүрүүчү адам ошол эле мөөнөттө визага кайрылбаса, анын жалпы жарандык паспортунун жана жарактуу визасынын көчүрмөсүн тиркөө керек.

Эскерте кетсек, элчилик айрым учурларда арызды кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди кошумча суроо укугун өзүнө калтырат. Жогорудагы документтерди тапшыруу визанын автоматтык түрдө берилишине алып келбейт.

Элчилик Кыргыз Республикасындагы туристтик фирмалар жана ортомчу агенттиктер менен кызматташпайт. Туристтик агенттиктик жардамы менен тапшыруу сиздин  виза алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртпайт! Сиздин арызыңыз боюнча чечим Германиядан келген консулдуктун кызматкерлери тарабынан гана кабыл алынат. Виза алуу боюнча ишенимдүү маалыматты элчиликтин виза бөлүмүнөн электрондук почта же телефон аркылуу бекер ала аласыз. Нускамаларды жана анкеталарды виза бөлүмүнөн же элчиликтин сайтынан акысыз алса болот.

Беттин башында