Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Иш жана расмий сапар үчүн шенген визасы

08.02.2023 - Артикль

Жалпы жоболор

Арызыңызды тапшыраардан мурун,  „Шенген визасы: жалпы маалымат“ баракчасын окуп чыгыңыз.

  • Бардык документтер немис же англис тилдерине расмий эмес котормосу менен берилүүгө тийиш;
  • Документтердин түп нускалары көчүрмөсү менен берилет.

Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

Кыргыз жараны болбогон талапкерлер үчүн

  • Камсыздандыруунун минималдуу суммасы: 30.000,- €
  • бүткүл Шенген аймагында жарактуу
  • бүткүл жүрүү мөөнөтүнө жарактуу
  • ооруп калганда же каза болгон учурда транспорттун ар кандай түрүнүн баасын, медициналык тез жардамдын жана/же ооруканадагы тез жардам наркын камтышы керек
  • камсыздандыруу шарттарында зарыл болгон чыгашаларды чектей турган же жокко чыгара турган эч кандай милдеттенмелер болбошу керек

  • Шенген визасы үчүн төлөм - 90 еврону түзөт (ВКнын 16-беренесинин 1-пунктуна ылайык)
  • 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн - 45 евро (ВКнын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык)
  • 6 жашка чейинки балдар төлөмдөрдөн бошотулат
  • арыз берген күнү кыргыз сому менен төлөнөт

Элчилик бул арыз карап чыгуу үчүн төлөм экенин жана арыз четке кагылган учурда кайтарылып берилбей турганын белгилейт. Төлөмдүн суммасын учурдагы курска жараша виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.

Сапардын максатын жана каржылоосун ырастоо:

  • резиденттик мыйзамдын §§ 66-68-пункттарына ылайык, компания Германияда болууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзүнө алат деген шарт менен
  • дареги көрсөтүлгөн 
  • жүрүү мөөнөтү көрсөтүлгөн 
  • сапардын максатын толук баяндоо менен,  жалпы формулировкалардан алыс болуңуз 

чакырган тараптын

иш башкармалыгы/ишенимдүү адам

  • эгерде чакырган тарап каржылоону өзүнө албаса 
  • эгерде чыгымдарды жөнөтүүчү тарап көтөрсө

мейманканада орун ээлөө же жеке чакыруу

Европада министрликтен, уюмдан же мекемеден чакыруу катынын көчүрмөсү

  • чакырылган адамдын фамилиясы, аты жана туулган жылы көрсөтүлгөн
  • иш-чаранын орду жана датасы так маалымат көрсөтүлгөн
  • Шенген өлкөлөрүнүн аймагында жүрүү, тамак-аш жана жатакананын чыгымдарын ким төлөп жатканын көрсөтүү менен

Дипломаттык/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн кошумча

  • Арыз ээси тууралуу маалымат, ошондой эле сапардын максаты жана узактыгы көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы




Кесиптик, экономикалык абалы жана Кыргызстанда үй-бүлө бар экендиги тууралуу документтер

  • нике, ажырашуу, өлгөндүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр
  • жубайынын жарандык паспорту, жеке маалыматтарды камтыган барактын көчүрмөсү менен 

Мэнчик ээлери үчүн

Жумуштан маалымдама кат

  • кызматкердин ишканадагы иш стажын көрсөтүү менен
  • акыркы 3 ай үчүн эмгек акысын көрсөтүү менен
  • иш берүүчү мекеменин толук жана актуалдуу байланыш маалыматтары менен

Ишкананын каттоодон өткөндүгүн тастыктоо

  • күбөлүк/каттоо/патент
  • устав жана уюштуруу документтери 

Мектептин/ЖОЖдун мөөрү басылган расмий бланктагы, окуу жайынан окуудан бошотулгандыгы тууралуу маалымкат

Пенсиялык китепче

Жашы жете элек балдар үчүн

  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

эки мыйзамдуу өкүл тарабынан кол коюлган

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк

  • Эгерде ата-энелердин бири ата-энелик укуктарынан ажыратылса, анда ал жөнүндө соттун чечими
  • Ата-энесинин бири каза болсо, анда өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк

  • ата-энесинин/камкорчуларынын жана баланын так маалыматтарын көрсөтүү (аты, фамилиясы, туулган күнү)
  • ата-энелер/камкорчулар баласына Германияга жана башка Шенген мамлекеттерине чектелген убакытка саякаттоого уруксат бериши
  • баланы асырап алууга же анын визасын узартууга жол берилбейт
  • бала жалгыз же башка адамдын коштоосунда барат (аты-жөнүн көрсөтүңүз). Эгерде коштоп жүрүүчү адам ошол эле мөөнөттө визага кайрылбаса, анын жалпы жарандык паспортунун жана жарактуу визасынын көчүрмөсүн тиркөө керек.

Эскерте кетсек, элчилик айрым учурларда арызды кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди кошумча суроо укугун өзүнө калтырат. Жогорудагы документтерди тапшыруу визанын автоматтык түрдө берилишине алып келбейт.​​​​​​​

Элчилик Кыргыз Республикасындагы туристтик фирмалар жана ортомчу агенттиктер менен кызматташпайт. Туристтик агенттиктик жардамы менен тапшыруу сиздин  виза алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртпайт! Сиздин арызыңыз боюнча чечим Германиядан келген консулдуктун кызматкерлери тарабынан гана кабыл алынат. Виза алуу боюнча ишенимдүү маалыматты элчиликтин виза бөлүмүнөн электрондук почта же телефон аркылуу бекер ала аласыз. Нускамаларды жана анкеталарды виза бөлүмүнөн же элчиликтин сайтынан акысыз алса болот.



Беттин башында