Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Немис тили күндөрү

Tage der deutschen Sprache

Tage der deutschen Sprache © Deutsche Botschaft Bischkek

02.11.2026 - Артикль

Сизди немис тил күндөрүн биз менен белгилөөгө чакырабыз!

9-ноябрдан 14-ноябрга чейин немис тилине жана маданиятына арналган өзгөчө күндөр өтөт. Иш-чара Астанадагы Австрия Элчилиги жана Бишкектеги Швейцария Элчилиги менен биргеликте уюштурулууда. Бул күндөрү биздин өнөктөш уюмдар немис тил маданиятынын ар кыл көрүнүштөрүн чагылдырган өзгөчө программаларын сунушташат. Программа өзүнө концерттерден жана көркөм тасмалардан тартып, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жарманкесин камтыйт. Мунун баары 9-ноябрдан баштап Бишкек шаарында өтөт. Сизди чыдамсыздык менен күтөбүз!

Бул баракчадан программанын актуалдуу вариантын таба аласыз. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз. Биринчи келгенге, биринчи кезек: алдын ала катталуу талап кылынбайт.

Дүйшөмбү, 09-ноябрь

Саат канчада?Кайсыл жерде?Кандай иш-чара?
19:00дөн тартаMünchen Pub, Токтогул көч. 87Майрамдын ачылышына арналган кыргыз музыканты Мээрим Сабатованын коштоосундагы Германия ыр жазуучусу жана аткаруучусу Матце Россинин концерти

Шейшемби, 10-ноябрь

Саат канчада?Кайсыл жерде?Кандай иш-чара?
14:00Креатив-Таалим билим берүү комплекси, Исакеев көч. 30/1Немис тил окуучуларынан маданияттык программа
18:00Ала-Тоо кинотеатры, Эркиндик бульвары 23/Чуй проспекти 437 „Францтын окуясы“, Австрия көркөм тасмасы
20:30Pivo.kg, Сыдыков көч. 139Немис тилине арналган квиз оюну

Шаршемби, 11-ноябрь

Саат канчада?Кайсыл жерде?Кандай иш-чара?
18:00Ала-Тоо кинотеатры, Эркиндик бульвары 23/Чуй проспекти 437 „Салам, Бетти“, Швейцария көркөм тасмасы

Бейшемби, 12-ноябрь

Саат канчада?Кайсыл жерде?Кандай иш-чара?
14:00DAAD Борбор Азия, Токтогул көч. 102„Мүмкүнчүлүктөр жарманкеси“. Германияда, Австрияда жана Швейцарияда иштөө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү
18:00Ала-Тоо кинотеатры, Эркиндик бульвары 23/Чуй проспекти 437 „Көгүлтүр чек аранын аркы бетинде“, Германия көркөм тасмасы

Ишемби, 14-ноябрь

Саат канчада?Кайсыл жерде?Кандай иш-чара?
15:00KinoBar, Саякбай Каралаев көч. 38Швейцария DJнен мастер-класс
21:00KinoBar, Саякбай Каралаев көч. 38 Швейцария DJнин катышуусундагы дискотека
Беттин башында