Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Жумуш орун жарыясы

Job vacancy

Job vacancy © Colourbox

23.12.2025 - Жумуш жарыясы

Бишкектеги Германия Федеративдүү Республикасынын элчилиги

алдын ала 2026 жылдын кулжа айынан баштап 

экономика бөлүмүнө 

 кызматкер издейт

Кызмат орду декреттик өргүүдөгү кызматкердин ордун убактылуу толуктоо үчүн ачылды. Убактылуу жумуш орду 10 айга толук убакыт кызмат орду жана 6 ай жарым убакыт кызмат орду катары бош. 

Толук убакыт кызмат орду бир жумасына 40 саат жана жарым убакыт кызмат орду жумасына 20 саат жумуш убактысын билдирет.

Кызмат орду төмөнкү милдеттерди камтыйт:

  • Экономикалык сереп үчүн маалымат даярдоо
  • Экономикалык саясат боюнча отчеттор үчүн изилдөө жана талдоо
  • Делегациялардын сапарларын даярдоо
  • Орус тилинен немис тилине жана кыргыз тилинен немис тилине котормолор
  • Мамлекеттик органдар менен кат алышуу
  • Долбоорду башкаруу (элчиликтин чакан долбоорлору)
  • Өнүгүү кызматташтык чөйрөсүндөгү иштеп жаткан уюмдар менен кызматташуу
  • Жергиликтүү бийлик органдары жана элчиликтин өнөктөштөрү менен кызматташуу

Төмөнкү квалификациялар жана тажрыйба талап кылынат

  • Диплом менен тастыкталган жогорку билим
  • Немис, орус жана немис тилдерин оозеки жана жазуу түрүндө жогорку денгээлде билүү
  • Стресске туруктуулук, ийкемдүүлүк, командада иштөө жөндөмү, демилгелүүлүк жана чыгармачылык.
  • Экономикалык маселелерге кызыгуу жана макроэкономикалык контекстти түшүнүү
  • Стандарттык MS Office программалары менен (Word, Excel) мыкты иштөө
  • Достук жана сылык мамиле
  • Керек болгон учурда иш убактысынан тышкары иштөөгө даярдык

Артыкчылык катары эсептелген квалификациялар:

  • Котормочу катары тиешелүү кесиптик тажрыйба

  • Англис тилин жакшы билүү 

Арызыңызды төмөнкү документтер менен 15.05.2025 чейин 

info@bisc.diplo.de 

дарегине электрондук кат менен гана төмөнкү документтерди тиркеп жөнөтүңүз (тиркемелер PDF форматында гана кабыл алынат, шилтемелер кабыл алынбайт!):

  • Кыргыз жана немис тилдеринде арыз, мотивациялык кат

  • Таблица түрүндө түзүлгөн резюме, кыргыз жана немис тилдеринде 

  • Паспорттун же ID-картанын көчүрмөсү

  • Квалификацияңызды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (аттестат, диплом, сунуш каттар жана немис тилинин деңгээлин тастыктаган дипломдор)

 

Сураныч, арызыңыздын жалпы көлөмү 3 МБ ашпашы зарыл. Толук арыздар гана каралат. Арызыңыздын кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлбөйт.

Эскерте кетебиз, сынак тандоосунан ийгиликтүү өткөн учурда, коопсуздук себептеринен улам медициналык текшерүү жана жеке маалыматты текшерүү жумушка кабыл алуунун шарты болуп саналат. Кыргызстанда жашоого жана иштөөгө уруксат берүүчү документ талап кылынышы мүмкүн (чет өлкөлүк жарандарга).

 

Тилекке каршы, тандоо процессине байланыштуу жол кире чыгымдарын төлөп берүү мүмкүн эмес. 

Жеке маалыматтарды коргоо тууралуу эскертүүгө көңүл буруңуз.

Беттин башында