Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Чакан долбоорлорго арыздарды тандоо жана баалоо критерийлери

02.06.2025 - Артикль

I. Колдоого татыктуу болгон чакан долбоорлорго төмөнкү иш-чаралар кирет:

  • жергиликтүү аткаруучулар, мисалы, БӨУлар, өз ара жардам көрсөтүү топтору, диний жамааттар жана башкалар тарабынан өз алдынча каржыланышы мүмкүн болбогон. Аткаруучулардын жана долбоордун катышуучуларынын өздүк салымын жана жардамын пайдалануу каралган
  • аягына чыккае толук долбоор болот жана кайталануучу милдеттенмелерге элчилик үчүн алып келбейт
  • гранттык келишим түзүлгөн бюджеттик жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек

II. Эгерде чакан долбоорлор төмөнкүдөй болсо кароого жатпайт:

  • суралган гранттык жардамдын суммасы 8000 евродон ашса (кыргыз сому менен)
  • алар жеке адамдарды же артыкчылыктуу топторду колдоого багытталган болсо
  • аткаруучу (грант алуучу) долбоордун кийинки чыгымдарын көтөрө албаса жана анын узактыгы/жетилген эффекти үч жылдан аз болсо
  • Федералдык бюджетте алар башка статьяга туура келет (мисалы, гуманитардык жардам, азык-түлүк жардамы, климатты коргоо фонду, немис тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүү, адам укуктарын илгерилетүү, маданий мурастарды сактоо же демократиялаштырууга көмөк көрсөтүү)
  • долбоордун пайдасын биринчи кезекте мамлекеттин ведомстволору же башка мамлекеттик уюмдары көрсө, ал эми жергиликтүү калктын жашоо шартын жетиштүү деңгээлде жакшыртууга алып келбесе
  • алар долбоорду ишке ашыруучуларды камсыздоого кеткен чыгымдарды болсо (эмгек акы, айлык, акча сыйлыктар), же мүмкүн транспорт чыгымдары
  • алар керектөөчү товарларды (дары-дармектерди, тамак-аштарды, шприцтер, таңгычтар ж.б.) сатып алууну камтыса
  • алар жерди сатып алууну же кредит берүүнү камтыса
  • алар милицияга же аскердик чөйрөгө тиешелүү болсо, же терроризмге же уюшкан кылмыштуулукка көмөктөшө турган болсо

III. Долбоорду ишке ашыруу үчүн маанилүү жоболор:

  • Акча каражаттарынын потенциалдуу алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү текшерилет. Уюмдун мыйзамдуулугу анын уставын жана салык документтерин берүү менен текшерилет
  • Долбоордун ордун жана мүмкүн болгон жабдууларды текшерүү, каржылоого макулдук бергенге чейин аткарылат (мисалы, ишенимдүү башкаруучу тарабынан), эгерде мындай текшерүү мүмкүн жана ылайыктуу болсо
  • Долбоордун кийинки чыгымдарынын болжолдуу суммасын көрсөтүүнү жана долбоорду ишке ашыруучунун бул чыгымдарды көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү талап кылынат
  • Долбоордун жүрүшүнө туруктуу мониторинг жана элчилик же ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан анын аткарылышын жана күтүлгөн натыйжаларга иш жүзүндө жетишилгендигин жеринде текшерип туруу каралган

IV. Буну билүү абдан маанилүү:

  • Долбоордун арыздары (долбоордун сүрөттөлүшү, чыгымдар, мөөнөтү) Германия элчилигине берилиши керек. Жергиликтүү каражат алуучулар долбоорду чет өлкөлүк өкүлчүлүккө жазуу жүзүндө тапшырышы керек
  • Ар бир чакан долбоор боюнча элчилик менен долбоорду ишке ашыруучунун ортосунда финансылык жардам көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт. Мында коллективдуу катышуу принцибине ылайык келишимге долбоор боюнча жооптуу эки адам кол коюшу керек, алар зарыл болгон учурда жоопкерчиликке тартылат
  • Ири масштабдуу жана узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн төлөм транш түрүндө берилет. Ар бир кийинки траншты төлөөдөн мурун, сиз мурунку төлөмдөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча далилдерди беришиңиз керек
  • Гранттык келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө, өзгөчө, эгерде иш кечиктирилсе (келишимде белгиленген датадан ашып кетсе) же долбоордун максатына жетүү мүмкүн эместиги же берилген гранттык жардам менен жетишүү мүмкүн эместиги аныкталса, дароо кат жүзүндө элчиликке кабарлаңыз.Талап боюнча ошол убакта берилген каражаттар кайра кайтарылып берилиши керек
  • Каражаттын пайдаланылышы жөнүндө отчет берүү үчүн элчиликке квитанциянын түп нускасын гана бериңиз
  • Каражаттарды берүү жөнүндө келишимде элчилик менен макулдашуу боюнча финансылык колдоо алуу фактысын тийиштүү түрдө ачык көрсөтүүгө милдеттүү деген жобо камтылган
Беттин башында