Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Соттолбогондугу тууралуу маалымкат

Führungszeugnis

Führungszeugnis, © Zentralbild

Артикль


Эскерте кетсек, соттолбогондугу тууралуу күбөлүк Германиянын чет өлкөдөгү элчилиги тарабынан берилбейт, аны Бонндогу Федералдык юстиция башкармалыгы  гана берет.

Сиз кат же онлайн интернет аркылуу кайрылсаңыз болот (эгерде сизде онлайн функциясы бар немис жеке идентификациялык картаңыз бар болсо).

Элчилик анкетадагы жеке маалыматтардын керектүү тастыктоосун гана жасай алат (төлөм: 34,07 €, арыз берген күндөгү элчиликтин курсу боюнча сом менен төлөнөт; сиз жарактуу немис паспортун же өздүк картаңызды/Personalausweis көрсөтүшүңүз керек).

Андан кийин анкета юстициянын Федералдык башкармалыгына жыйымдарды которуу жөнүндө квитанция менен бирге жөнөтүлүшү керек.

Чет өлкөдөгү кээ бир мекемелер кээде документтин көчүрмөсү түп нускага дал келгендигин тастыктаган соттолбогондугу тууралуу маалымкатты талап кылышат (компетенттүү орган: Федералдык юстиция башкармалыгы) жана айрым учурларда кошумча түрдө апостиль коюуну талап кылышат (компетенттүү орган:Федералдык юстиция башкармалыгы ) жана кээ бир учурларда апостиль коюуну да талап кылат (компетенттүү орган: тышкы иштер боюнча Федералдык кызмат  же легализация (компетенттүү орган: соттолбогондугу тууралуу күбөлүк колдоно турган өлкө элчилиги).  Кыргызстанда легализация процедурасы колдонулат. Кайсы өлкөдө соттолбогондугу тууралуу күбөлүк колдонула турганын анкетаңызда көрсөтүңүз.

Соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу боюнча толук маалыматты сайттан тапса болот Федералдык юстиция башкармалыгы

Кошумча маалымат

Беттин башында