Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Германияда Au Pair болуп иштөө 

Familie, © dpa

21.09.2021 - Артикль

18 жаштан жогору, бирок 27 жаштан улуу эмес адамдар Au Pair катары алты айдан он эки айга чейинки мөөнөткө иштөө үчүн виза ала алышат.

Жалпы маалымат

18 жаштан жогору, бирок 27 жаштан улуу эмес адамдар Au Pair катары алты айдан он эки айга чейинки мөөнөткө иштөө үчүн виза ала алышат.
Германияда Au Pair катары болуунун максаты – кабыл алуучу өлкө менен таанышуу аркылуу немис тили боюнча билимиңизди өркүндөтүү жана жалпы билимиңизди кеңейтүү.
Германияда Au Pair катары калуу бир гана жолу мүмкүн.
Au Pair катары калуу тууралуу толук маалыматты, ошондой эле келишимдин үлгүсүн Эмгек боюнча федералдык кеңсенин сайтынан тапса болот.


Виза

Au Pair визасына арыз берүү үчүн негизги маалымат:

  • Немис тилинен башка тилдерде берилген документтер немис тилине котормосу менен тапшырылышы керек. Паспорттун жеке маалыматты камтыган баракчасынан сырткары.
  • Күбөлүктөр, дипломдор жана башка документтер түп нускасында берилиши зарыл. Сиздин арызыңыз каралып чыккандан кийин документтер кайра кайтарылат.

  • Виза үчүн федералдык ишке орноштуруу агенттигинин макулдугу жана мүмкүн Германиянын чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча тиешелүү ведомствосунун макулдугу керек. Виза аталган ведомстволордун макулдугунан кийин гана берилиши мүмкүн.
  • Эреже катары, документтерди карап чыгуу мөөнөтү 3 жуманы түзөт, кээ бир учурларда көбүрөөк убакытты талап кылат.
  • Арыз тапшыруу учурунда билеттерди алдын ала алуу талап кылынбайт – билеттерди визаңызды алгандан кийин алыңыз.
  • Керектүү документтердин тизмесин бул жерден тапса болот Германияда Au Pair катары болуу жөнүндө нускама PDF / 634 KB
  • Элчилик кошумча документтерди талап кылууга укуктуу

Арыз тапшырууга жазылуу 

Элчилик арыздарды кабыл алуу укугун Visametric Visa борборуна өткөрүп берди.Ошентип, кезекти көпкө күтүү жана «арыз тапшырууга жазылуу» тарыхта калды. Сиз Visametric менен түздөн-түз байланышсаңыз болот, эң дурусу документтердин толук пакети менен. Au pair виза арызынын күтүү тизмесинен мурунку бардык маалыматтар Visametricге тапшырылды. Visametric мүмкүн болушунча тезирээк жолугушууну пландаштыруу үчүн сиз менен байланышат. Visametric менен өзүңүз да жолугушууга жазыла аласыз.

Арыз формасы жана керектүү документтер

Онлайн-формуляр (VIDEX) сиз жана биз үчүн маалыматтарды иштетүүгө жеңилдик берет . 
Биздин нускамада сиз визага кайрылуу үчүн зарыл болгон бардык документтердин тизмесин таба аласыз Германияда Au Pair катары болуу жөнүндө нускама PDF / 634 KB .Арыздан тышкары, сиз Au Pairдин иши жөнүндө Федералдык Эмгек Бюросунан маалыматты алганыңызды жана түшүнгөнүңүздү жазуу жүзүндө ырасташыңыз керек.

Au Pair иши жөнүндө федералдык эмгек бюросунун маалыматы PDF / 538 KB

Сураныч, арызыңызга төмөнкү басылган жана кол коюлган ырастоону тиркеңиз.

Au pair билдирүүсү PDF / 81 KB

Кошумча маалымат

Бул жерде сиз улуттук виза үчүн анкетанын формулярын таба аласыз (3 айдан жогору).

Анкетанын электрондук формулярын (VIDEX) колдонуңуз, аны басып чыгарыңыз жана документтерди тапшырууда кошо ала келиңиз.

Бул документтерди кабыл алуу жол-жобосун тездетет.

Беттин башында