Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Жумуш орун жарыясы 

Recherche d'emploi

Recherche d'emploi, © www.colourbox.com

06.02.2024 - Артикль
Бишкектеги Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигине Чын куран айынын башынан жана ортосунан баштап

  • ата-энелик өргүүнү алмаштыруу алкагында 1 жылга чектелген жана
  • убактылуу жумушчу катары 3 айга чейин чектелген
2 коопсуздук кызматкер талап кылынат

Иш милдеттери:


  • Элчиликке келген конокторду жана жеткирүүчүлөрдү кабыл алуу
  • Адамдардын жана буюмдардын коопсуздугун көз карандысыз текшерүү
  • Паспорттук-визалык бөлүмдүнө келген жараандардын кыймылын жөнгө салуу жана контролдоо
  • Телефон чалууларды кабыл алуу жана жоопту кызматкерге өткөрүп берүү

Талаптар:


  • Немис (же болбосо абдан жакшы англис), орус жана кыргыз тилдерин жакшы билүү
  • Командада иштөө жана ишенимдүүлүк, коммуникация жөндөмдүүлүгү
  • Коопсуздук секторунда кесиптик тажрыйба, артыкчылык болуп саналат
  • Жогорку жоопкерчилик сезими
  • Келгендерге жылуу мамиле кылуу
  • Телефон аркылуу чалуучулар менен ишеничтүү жакшы сүйлөшүү жөндөмү


Арызыңызды төмөнкү тиркемелер менен 2024чү жылдын жалган куран айынын сегизине чейин Reg1@bisc.diplo.de электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз (PDF форматында тиркеме түрүндө гана, жүктөө шилтемеси кабыл алынбайт!):

  • немис тилиндеги жолдоочу/мотивация каты (немис тилинде дурусураак, болбосо англис тилинде)

  • таблица түрүндө резюме

  • жалпы жарандык паспорттун же ID-картанын көчүрмөсү

  • алган билимиңиз тууралуу документтердин көчүрмөсү (аттестат; диплом; эмгек китепчеси; сунуштоо кат жана тил дипломдору бар болсо)

Эскерте кетебиз, сынак тандоосунан ийгиликтүү өткөн учурда, коопсуздук себептеринен медициналык текшерүү жана арызсыз жеке маалыматты текшерүү жумушка кабыл алуунун шарты болуп саналат. Кыргызстанда жашоого жана иштөөгө уруксат берүүчү документ талап кылынышы мүмкүн (чет өлкөнүк жарандарга). 

Маалыматтарды коргоо боюнча Маалыматтарды коргоо боюнча эскертүү (орус тилинде) PDF / 736 KB көңүл буруңуз.



Кошумча маалымат

Беттин башында